Бишкектин муздак суу өчүрүлө турган аймактары. Тизме

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүОтключение горячего водоснабжения
Отключение горячего водоснабжения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" ишканасы шаар тургундарынан алдын лаа суу камдап алууга чакырат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эртең, 23-март күнү, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда муздак суу токтотуларын шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Батыш-2" суу тосмосундагы оңдоо иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе көчөлөрүндө, Манас проспектисинде жана темир жол жээгиндеги аймактарда суу токтотулат.

Ошондой эле төмөндөгү мекемелерде эртең күндүзү суу берилбейт:

 

  • №31, 13, 8, 2 орто мектептер;
  • №8, 22, 72, 164, 165, 167, 73 бала бакчалар;
  • №3 "Центр защиты детей" бала бакчасы;
  • "Арпа" ААКсы;
  • "Ош" базары
  • Улуттук илимдер академиясы;
  • Улуттук банк;
  • №2 төрөт үйү;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Бишкек ун комбинаты;
  • Ленин райондук администрациясы;
  • Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
  • "Кыял" бирикмеси;
  • Кыргызстандын Эл Аралык Университети;
  • КТРК;
  • КРСУнун медицина факультети;
  • №100 лицей;
  • Мамлекеттик тил комиссиясы жана Кыргыз энциклопедиясы;
  • "Бишкек башкы архитектура" ишканасы;
  • №2 стоматология борбору.

 

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0