Апрель баатырлары: атыбыз жок дегенде чокуга ыйгарылып, айтылып калмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПеший марш людей с ОВЗ в Воронцовке
Пеший марш людей с ОВЗ в Воронцовке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары атындагы чоку" деген аталышты ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылдык кеңеши тарабынан демилгеленген идея ишке ашып, эми Кыргызстанда "Апрель революциясынын баатырлары" деген аталыштагы чоку пайда болду.

Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргалов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жыргалов: Апрель баатырларынын ысымын чокуга ыйгаруу 6 жыл мурда демилгеленген
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда эле кабыл алынып, демилгени депутаттар колдоп беришкен. Андан соң президент бул мыйзамга кол койгон

Мындай демилге учурда апрель окуясынын катышуучуларын жана анда каза болгондордун жакындарын да кубандырып жаткан чагы. Анткени буга чейин баатырлардын атынан бир да жерге расмий наам ыйгарылган эмес.

"Апрель окуясына быйыл жети жыл болоюн деп калды. Буга чейин бир дагы жерге Апрель баатырларынын ысмы ыйгарылган эмес. Жок дегенде жети жылдыкка карата чокуга наам берилиши жакшы көрүнүш болду. Мындан сырткары, Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинен Кой-Таш айылына чейинки бөлүгүнө Апрель баатырларынын атын ыйгаруу сунушталып келе жатат. Буюрса бул иш дагы жакынкы аралыкта ишке ашып калат деген ойдобуз", — деди апрель окуясынын катышуучусу, "Апрель байрактары" коомунун теңтөрагасы Сүйүнбек Оморов.

Каргашалуу күнү ок жеп каза болгон 21 жаштагы Адилет Айнидиновдун атасы Сыртбай Айнидинов мамлекет тарабынан аларга жакшы жардамдар болуп жатканын жашырбай, чокуга аталыш ыйгарылып жатканын жакшы саамалык деп атады.

Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирүүгө аракет кылган жүк ташуучу автоунаа - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынан "Ата-Бейитке" чейин — революция жана анын кесепеттери
"Балам башкалардай эле эли-жери үчүн, өлкөдө жаңылануу болсун деп күрөшкөн. Эми аларга "баатыр" деген атайын статус берилбесе да, алардын аты бийик тоолуу чокуга коюлуп жатат. Мындай наамдар берилген сайын балам баатыр катары каза болгонун ойлоп, сыймыктанып кетем. Мамлекетке ыраазыбыз, капа кылган жок, колунан келген жардамды берип жатат, болгону балабыз гана арабызда жок, жапжаш боюнча кете берди", — деди баласынан ажыраган Айнидинов.

Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргаловдун айтымында, бул идея алты жыл мурда эле сунушталган.

"Демилге 2011-жылы көтөрүлгөн. Бирок сөз бойдон калып калган. Кийин элден кайрадан сунуш түшүп, жергиликтүү кеңештин депутаттары аны колдошту. Карап көрсөк өлкөнүн бир да жерине Апрель баатырларынын аты коюлбаптыр", — деди Жыргалов.

Маалыматка ылайык, Апрель окуясынын катышуучуларына жана окуядан каза болгондорго "баатыр" деген атайын статус берилбейт. Болгону алардын аты көчөлөргө, мекемелерге коюлат.

Апрель баатырларынын наамы ыйгарылган чоку Ысык-Көл облусундагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашып, бийиктиги 4142,2 метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0