Amnesty International Бишкекте кармалган активисттерге болушуп чыкты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOAmnesty International укук коргоо уюму сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккан активисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылууда
Amnesty International укук коргоо уюму сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккан активисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган уюм соттун өкүмү эл аралык нормаларды бузуу менен чыгарылганын жарыялады.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Amnesty International укук коргоо уюму сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккан активисттерди эркиндикке чыгарууну талап кылууда. Аталган бейөкмөт уюмунун билдирүүсү анын расмий сайтына жарыяланды.

Өткөн ишемби күнү, 18-мартта борбор калаада активисттер Zanoza, "Азаттык", жана 24.kg маалымат каражаттарын колдоо максатында жөө жүрүшкө чыгышкан. Саясатчы, журналисттерден турган активисттердин колоннасы Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин басып келген. Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен бир нече активист кармалган.

"Кыргыз бийлиги активисттерди тынчтык митингин уюштуруу укугунан арыжаратуу үчүн атайылап камап жаткандай түр көрсөтүүдө", — деп уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

Ошондой эле бейөкмөт уюмдун укук коргоочулары соттун өкүмү эл аралык нормаларды бузуу менен чыгарылганын айтышып, активисттерди бошотууну талап кылышууда.

Amnesty International (эл аралык амнистия катары дагы таанымал) — адам укуктарын көзөмөлдөөчү дүйнөлүк кыймыл. 1961-жылы Улуу Британияда түптөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0