Окумуштуулар түнкүсүн ачык турган терезе кант диабетинин алдын аларын аныктады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТурак үйдүн терезелери. Архив
Турак үйдүн терезелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлмө ысык болсо адамдын организми дененин жылуулугун сактоо үчүн калорий сарптабай калат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бөлмөнү желдетип туруу кант диабети менен ашыкча салмак сыяктуу оорулардан сактай турганын The Telegraph агенттиги Оксфорд университетинин эндокринологу Эшли Гроссманга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар жыныстык жашоо вирустардан улам пайда болгондугун айтышууда
Гроссман голландиялык окумуштуулардын дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнүн адам ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынан улам ушундай тыянакка келгени маалымдалат.

Аталган илимий изилдөөлөрдө орточо температура бир градуска жогорулаган сайын миңдеген адамдын кант диабетине чалдыгуусу мүмкүн экени айтылат. Себеби ысык учурда адамдын организми дененин жылуулугун сактоо үчүн калорий сарптабай калат. Мындан улам ашыкча салмак пайда болот.

Эндокринологдун айтымында, кечке жуук бөлмөнүн терезесин бир саамга ачып коюу менен ооруп калуу коркунучун басаңдатса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0