Ош: шаардагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелер ашканада жатууга мажбур

© Фото / Зульфия ТургуноваОшское городское родильное отделение
Ошское городское родильное отделение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар 2016-жылдын 31-октябрында имарат бошотулуп, төрөт үйүнө кайтарылсын деген чечим чыгарган. Бирок ал чечим бүгүнкү күнгө чейин аткарыла элек.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Түштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелерди ашканага жаткырууга туура келип жатат. Дарыгерлер 70 орунга 100дөй энени жайгаштырууга аргасыз.

© Фото / Зульфия ТургуноваТүштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелерди ашканага жаткырууга туура келип жатат
Түштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелерди ашканага жаткырууга туура келип жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелерди ашканага жаткырууга туура келип жатат
© Фото / Зульфия ТургуноваДарыгерлер 70 орунга 100дөй энени жайгаштырууга аргасыз.
Дарыгерлер 70 орунга 100дөй энени жайгаштырууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Дарыгерлер 70 орунга 100дөй энени жайгаштырууга аргасыз.
1/2
Түштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей, энелерди ашканага жаткырууга туура келип жатат
2/2
Дарыгерлер 70 орунга 100дөй энени жайгаштырууга аргасыз.

Учурда төрөт үйүндө төрт адамга ылайыкташкан бөлмөдө энелер жети-сегизден жатат. Мындан сырткары, төрөт үйүнүн ашканасы да палатага айланган. Тамактануучу жай жоктугунан улам, ар бири өз бөлмөсүндө, жаткан жеринде тамактанат. Шарттын начардыгынан энелер төрөгөндөн эки күн өткөн соң үйүнө чыгып кетүүгө аргасыз.

Дарыгерлердин айтымында, мындай абал төрөт санынын өсүп жаткандыгынан жана төрөт үйүнүн имараттарынын бири Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк башкармалыгына акысыз ижарага берилип кеткендигинен улам жаралууда.

Баш дарыгердин башын катырган абал

Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова аталган имаратты кайра кайтарып ала албай жаткандыктарын билдирди.

"Ош шаардык төрөт үйүнө караштуу төрт имараттын бири 2009-жылы Ош шаардык кеңешинин чечими менен Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматтын түштүк башкармалыгына акысыз түрдө ижарага берилип кеткен экен. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 2008-жылы Ош шаардык төрөт үйү түштүк аймагы боюнча ара төрөлгөн балдарды кабыл алып, дарылоо буйругун чыгарган", — деди ал.

Глава Ошского стационара Зейнеп Исраилова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дарыгер Исраилова: палатанын жетишсиздиги эне-баланы ооруга чалдыктырышы мүмкүн
Исраилованын айтымында, ошол жылдан бери ара төрөлгөн балдар аталган жайда бир айга чейин медицина кызматкерлеринин кароосунда болот. Чүрпөлөрү менен кошо энелери да жатат. Дарыгер учурда төрөттүн санынын көптүгүнөн улам айрым учурларда энелерди коридорго жаткырууга аргасыз экендиктерин жашырган жок.

Маалыматка караганда, төрөт үйүнө келгендердин орто эсеп менен 57 пайызы Ош шаарында жашаган, 43 пайызы райондордон келген энелер. Ал эми жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын 12 пайызын ара төрөлгөн балдар түзөт.

Төрөт үйүнүн жетекчилиги жогоруда айтылган себептерден улам аталган имаратты кайтарып берүү өтүнүчү менен 2016-жылы Ош шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке кайрылган.

Шаардык кеңеш 2016-жылдын 31-октябрында аталган имарат бошотулуп, төрөт үйүнө кайтарылсын деген чечим чыгарган. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин аткарыла элек.

Маалыматтарга таянсак, 2014-жылы аталган төрөт үйүндө 7500, ал эми былтыр 9200 бала жарык дүйнөгө келген. Ал эми учурда энелер үчүн жалпы 19 бөлмөдө 70 орун бар.

"Тилекке каршы, 70 орунда 100дөй эне жатат. Бул көрүнүш төрөлгөн наристелердин да, энелердин да ден соолугу үчүн кооптуу",— деди Исраилова.

ИИМ өкүлү: төрөт үйүнүн имаратын жакында бошотуп беребиз

Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат өткөн жылы жоюлуп, аталган имарат Ички иштер министрлигинин карамагына өткөн.

Посещение С.Собяниным родильного дома №17 в САО Москвы - Sputnik Кыргызстан
Ошто жетинчи уулун төрөгөн 43 жаштагы аял көз жумду
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев шаардык кеңештин 31-октябрында чыккан чечиминде аталган имаратты кайсы күнү бошотуп берүү так көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

"Аталган кызмат үчүн учурда Ош шаарынын Ленин көчөсүнө жаңы имарат салынып жатат. Буюрса, жакынкы күндөрдө курулуш иштери аяктайт. Ал жер баңгизаттарды сактоого шектелген адамдарды кармоочу жай болот. Жаңы объект курулуп бүтөөрү менен оорукананын имараты бошотулуп, кайтарылат", — деди Ашырбаев.

Маалыматтарга таянсак, Ош шаардык төрөт үйүндө бир күндө эң аз болгондо 15, эң көп 45 бала жарык дүйнөгө келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0