Кыргызстанда тигүүчүлүк кесипке суроо-талап өсүүдө

Жазылуу
Кесиптик лицейлерге тапшырууну каалагандардын саны көбөйүп, бир орунга беш адам ат салышууда.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда тигүүчүлүк кесипке суроо-талап өсүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү аталган агенттик тигүүчүлөрдү даярдоо темасында брифинг өткөрдү.

"Кесиптик орто билим алган студенттер акысыз билим алып, жатакана менен камсыз болот. Мындан сырткары, практика учурунда эле акча таба башташат", — деди агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов.

Ал эми №18 кесиптик лицейдин директору Бакыт Малдыбеков акыркы учурда лицейлерге тапшырууну каалагандардын саны өскөнүн кошумчалады.

Учурда Кыргызстанда 100 кесиптик лицей бар. Алардын 93чү кесиптик лицей болсо, алтоо училище. Ал жакта студенттерге 100гө чукул кесип үйрөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0