Атамбаев: неберемдин атын кыз-күйөөм өздөрү коёт

Жазылуу
20-март күнү президенттин кызы Алия Шагиева перзенттүү болгон.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Неберемдин атын Алия жолдошу экөө өздөрү коёт. Бул тууралуу журналисттерге президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдагы 24-март окуясына арналган скверге барганда билдирди.

Эскерте кетсек, 20-март күнү өлкө башчынын кызы Алия Шагиева уулдуу болгон.

"Биздин үй-бүлөдө демократия өкүм сүрөрүн билесиңер. Кызым күйөөсү экөө кандай чечсе ошондой болот. Мыйзам боюнча алардын бир ай мөөнөтү бар. Ушул аралыкта документ алышат", — деди президент журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Атамбаевдин кызы былтыр сентябрь айында Константин аттуу жигитке турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0