Президенттин кызы Алия Шагиева тууралуу 6 факты

© Фото / Ажара ШабдановаКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр дал ушул күнү Алия Шагиева аттуу сүрөтчү кыз көргөзмө уюштуруп, андан түшкөн акчага Даун синдрому менен жабыркаган балдарга 200 миң сом берген. Мындай кайрымдуулук иш көпчүлүктүн алкышына татып, анын президент Алмазбек Атамбаевдин кызы экенин эч ким билген эмес. Ошол күндөн тарта Алиянын жашоосу коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келет.

Шагиеванын сүрөтчү жана президенттин кызы катары таанылганына бир жыл болгондугуна байланыштуу өлкө башчынын көкүрөк күчүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды даярдады.

© Алия Шагиева19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери
1/2
19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери
© Алия Шагиева19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери
2/2
19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери
1/2
19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери
2/2
19 жаштагы Бишкектик сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери

Сүрөтчү-график. Чыгармачылыгы менен таанымал болгон таланттуу сүрөтчү өзүнүн Facebook баракчасына ар дайым терең философия камтылган сүрөттөрүн салып турат. Былтыркы жылдын март айында ал "Метамарфоза" аттуу сүрөт көргөзмөсүн өткөргөн.

Кайрымдуу адам. Алия 19 жашында жеке көргөзмөсүн уюштуруп, андан түшкөн 200 миң сомду Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин "Сантерра" фондусуна кайрымдуулук иретинде берген. Анын көргөзмөгө койгон эмгектеринин баары сатылган. 

"Мындай ийгиликке жетишем деп ойлогон эмесмин. Студентмин, ата-энем менен чогуу турам. Мынча көп акчанын мага кереги жок. Мага караганда оорулуу балдар ага көбүрөөк муктаж. Аларга чын ниетимен жардам бергим келди", — деп айткан Шагиева.

Кийим чыгарган. Алия Шагиева тарткан сүрөттөрүн түшүрүп кийим чыгарганын өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан. Ал алгач "Коллекционер тепла" деген сүрөтүн футболкага түшүрүп көргөн. Андан соң Алия кийим дизайнери Татьяна Кан менен таанышып, анын жардамы менен коллекцияга футболкадан тышкары көйнөк, майка жана балдар кийимдерин киргизген. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса жана кызы Алия менен
Президент КР Алмазбек Атамбаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса жана кызы Алия менен

Президенттин кичүү кызы. Алия Шагиева Алмазбек Атамбаевдин кыздарынын кичүүсү. Андан улуу Диана, Динара аттуу эжелери жана Сейитбек, Сейтек жана Кенжебек аттуу эркек бир туугандары бар. Алия атасын абдан жакшы көрөрүн айтып, анын чыгармачылыгын ар дайым колдой турганын жазып жүрөт.

"Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген. Ал сүрөт тартчу. Жакында эле анын тарткан сүрөттөрүнүн альбомун барактап чыктым. Сизге чоң рахмат! Жакшы көрөм!" — деп жазган Алия.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын үлпөт тою
Свадьба дочери президента Атамбаева Алии Шагиевой - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын үлпөт тою

Жолдошу бар. Былтыр август айында орус улутундагы Константин аттуу балага турмушка чыкканын социалдык баракчасына жарыялаган. Константин 25 жашта. Ал эми алардын чакан үлпөт тою сентябрь айында, жакындарынын гана катышуусу менен уюштурулган. 

Бир уулдун апасы. 20 жаштагы Алия Шагиева жакында эле эркек уулдуу болду. Өлкө башчынын кызы 20-март күнү Бишкек шаарындагы №6 төрөтканада көз жарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0