Канткенде кургак учуктан алыс болобуз? КРдин башкы фтизиатрынын кеп-кеңеши

© AFP / CRIS BOURONCLEВрач смотрит рентген снимок легкого больного туберкулезом. Архивное фото
Врач смотрит рентген снимок легкого больного туберкулезом. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чылым чегүү, спирт ичимдиктерине берилүү — организмге кургак учук таякчаларын түз эле сүйрөп келет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кургач учукту жуктуруп албоо үчүн алгач терс адаттардан арылып, спорт менен машыгуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Бүгүн, 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү.

Кадыровдун айтымында, кургак учукка көбүнесе иммунитети түшүп кеткен адамдар кабылат. Биринчи белгилери — аз убакыттын ичинде арыктоо, тердөө жана эки жумадан ашык жөтөлүү. Эгер өзүңүздөн бул белгилерди байкасаңыз, дароо дарыгерге кайрылышыңыз керек.

"Ооруп калган киши жөтөлөт, бул аркылуу бактерия айлана-чөйрөгө тарайт. Кургак учуктун ачык формасы менен ооруган адам жылына орто эсеп менен 20 адамга оору жугузушу мүмкүн. Инфекциянын микробактерияларын дүйнөдөгү адамдардын 1/3 бөлүгү жуктуруп алган, булар иммунитети күчтүү кезде оорушпайт", — деди Кадыров.

Дагыгердин айтымында, мындай учурдун 93 пайызында организм өз алдынча илдет менен күрөшө алат. Ал эми оорунун алдын алуу үчүн адам өз иммунитетинин жогору болушуна кам көрүшү шарт.

"Негизинен туура тамактанып, спорт менен алектенүү керек. Өзүңдү сергек кармоо дагы өтө маанилүү. Чылым чегүү, спирт ичимдиктерине берилүү — организге кургак учук таякчаларын түз эле сүйрөп келет", — деди Кадыров.

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө туберкулездон эки миллион адам каза болот.

Ал эми Кыргызстан тууралуу айтсак, 2016-жылы Кыргызстанда кургак учук кабылган 5 653 бейтап катталды. Алардын ичинен 343ү өлүм менен аяктаган.

Ошол эле учурда 394 бала кургак учук жуктуруп алган. Бирок бул сан 2015-жылдагыга караганда 138ге аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0