ӨКМдин куткаруучулары Ак-Сай кыштоосунда калган чабандарга жетти

© Фото / Нурзада МукашеваАк-сай өрөөнүнө жааган калың кар. Архив
Ак-сай өрөөнүнө жааган калың кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 машинага жүктөлгөн тоюттун 14 машинасы кыштоолорго жетти. Эки машина бузулуп калгандыктан Торугарт чек ара тозотунда турат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосунда кардан улам чыга албай калган чабандарга ӨКМдин куткаруучулары жетип, ал-абалы менен таанышып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ак-Сай өрөөнүнө кетчү Торугарт — Көк-Кыя — Кында жолунун 115 чакырымы тазаланды. Бирок бороон тазаланган жолго карды кайрадан үйлөп салып жатат.

"22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон тийиштүү жетекчилер абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн Нарын облусуна чыгып кетишкен. 23-мартта алар Ак-Сай кыштоосундагы малчылар менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан. Андан сырткары, муктаж болгондорго алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Весна в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Гүлдөгөн бадам, адам боюндай кар, жазгы жаан. Дубандардын бир учурдагы сүрөттөрү
Андан сырткары, куткаруучулар тарабынан Ак-Сай өрөөнүндөгү үч кишине медициналык жардам көрсөтүлүп, бейтаптар райондук ооруканага алып келинүүдө.

Ошондой эле 16 машинага жүктөлгөн тоюттардын 14 машинасы кыштоолорго жетти. Эки унаа бузулуп калгандыктан Торугарт чек ара тозотунда турат. Аны оңдоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 12-14-мартта жааган кардан улам Ак-Сай өрөөнүнө барчу жол жабылып, кыштоодогу чабандар менен байланыш үзүлгөн. ӨКМ жол тазаланганга чейин Ат-Башы аймагына өзгөчө кырдаал киргизген

Жаңылыктар түрмөгү
0