Учурда 250 миңден ашык салык төлөөчү декларациясын тапшырды

© Фото / пресс-служба ГНСРабота ГНС в Бишкеке
Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартына карата 254 миң 547 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Подача налоговых деклараций в Налоговую инспекцию города Сочи - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү салык декларациясы 1-апрелге чейин кабыл алынат
Маалыматка ылайык, декларация тапшыргандардын ичинен 37 миң 907си юридикалык жак болсо, 159 миң 963ү жеке ишкер жана 56 миң 677си жеке жак болуп саналат.

Эске сала кетсек, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлктөрү, ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0