БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы колдонуучулардын баракчаларын коргоо максатында эки деңгээлдүү системаны ишке киргизди. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.
Эми Instagram социалдык тармагындагы баракчаңызга кирип жатканда сыр сөз жана логинден башка алты сандан турган тастыктоочу кодду дагы киргизесиз. Ал сиздин уюлдук телефон номериңизге келет.
The Guardian басылмасынын жазышынча, мындай коргоо системасын Facebook, Twitter жана Google сервистери колдонуп келет.
Адистер көпчүлүк сүйүп колдонгон социалдык тармакты эми интернетке байланышпай туруп колдонуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.