Визажист макияж жасоо учурунда. Архив

Визажисттердин кыжырына тийген 7 учур

856
(жаңыланган 16:09 26.03.2017)
Визажистке барганда эмнелерди жасоого болбой турганын, кокусунан жасап ийсеңиз эмне болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыздар болот.

Маанилүү жана жоопкерчиликтүү күнү сиздин сырткы келбетиңиз дал ушул адамдын алтын колунан көз каранды болот. Андыктан төмөндөгү материалды кылдаттык менен окуп чыгыңыз.

Материал даярдап жатканда биз бир катар чеберлердин пикирине таяндык. Алар айрым ой-пикирлерди жүрөккө жакын кабыл албоо керектигин айтып, белгилүү себептер менен аты-жөнүн жазбай эле коюну суранышты.

Уурулар

Ушу кезге чейин канча чыгым болгонумду так деле санай албай калдым окшойт. Аспаптарды жоготкон эч нерсе эмес. Таң калтырганы — каратып туруп кымырып алгандар. Айрыкча мындай көрүнүштөр чакыруу менен кардардын үйүнө барганда катталат. Буюмумду таппай калып, көргөн жоксуңарбы деп сурасаң, тимеле билмексен-көрмөксөн. Ой тобоо…

Улуу муундагылар

"Биз турмушка чыгып жатканда, оозубуз менен кирпигибизди эле боеп койсок супсулуу болуп калчубуз!" Абдан жакшы, азыр деле көп кыздар ушинтип ушинтип турмушка чыгышат, алар деле сулуу, бирок айрымдары мындай маанилүү күн үчүн атайын макияж жасатууну каалашат. Бул учурда канча боек кеткенин ойлобойсуң деле, башкысы дал ошол күнү кайталангыс сулуу болуу эмеспи.

Кашымды калыңыраак, оозумду чоңураак кылып берип коесуздарбы?!

Бул учурда бетинин жарымын боеп салуу керек. Калың каш, болтойгон эрин жакшы деңизчи, бирок баарына эле Брежневдин небереси болгон жараша бербейт да. Ооздун чекесин канчалык боесоң деле анын чеги көрүнүп калат.

Шайн брайт лайк э даймон

Хайлайтер — бул макияждын түрүндө адамдын бети жылтылдап көрүнөт. Бирок сураныч, күндүз антип боенбой эле коюнузчу! Мындай макияж кечкиге ылайыкташкан.

Инстаграм үчүн макияж

Ичинде косметиканын түрү бар керемет-кутучаңыз болсо эле сиз визажист болуп кетпейсиз. Бирок Instagram баракчаңызга "стилист-визажист" пунктун киргизип алсаңыз, анда профессионалдар тез эле сүрөтүңүздөн же ролигиңизден миллиондогон ката таап коюшат. Жөнөкөй кишилер мындай майда-барат нерсени баамдабай калышы ыктымал, бирок баарын билген адамдарга сиздин кемчиликтериңиз көрүнүп каларын унутпаңыз!

Табигый сулуулукту сүйгөндөр

Мындай кардарлар менин чоң чемоданымды көргөндө жүрөктөрү түшүп калат. Көпчүлүк учурда мындай айымдар менин боегучтарым денесине тиери менен учтуу лезвия менен бетине сүрөт тарта баштагандай чочушат…

Соодагерлер

— Мага үлпөт тойго эмес, жөнөкөй эле мэйк керек.

— Баасы бирдей эле.

— Бул жөнөкөй эле түрү да, арзандатпайсызбы!

Бирок мен баары бир андай кыла албайм. Кыздар, аялдар, энелер! Сиздерден сураныч, үлпөт тойго жасалчу макияж менен классикалык түрдүн айырмасы жок экендигин түшүнүңүздөрчү. Мен ошончо эле убакытта ошончо эле косметика коротуп жатам, анан эмнеге кызматымдын баасын арзандатышым керек?..

856
Белгилер:
косметика, жумуш, кардар, макияж, визажист
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (57)
Тема боюнча
Фитнес машыктыруучунун кыжырын кайнаткан беш адат
Электроника буюмдарын саткан соодагердин жинин келтирген учурлар