Жапаровду колдоп митинге чыккан 64 киши камалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бөтөлкө жана таш ыргытып, андан кийин союлдар менен чапкан акция катышуучулардын айырмадырн кармап, калгандарын тараткан.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Экс-депутат Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккан 64 жаран экиден беш суткага чейин камакка алынды. Бул туурасында ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаровдун тарапташтары милицияга бир нече жолу чагымчылдык аракеттерди жасаган. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бөтөлкө жана таш ыргытып, андан кийин союл менен кол салышкан. Ушундан улам митингчилердин айрымдарын кармап, калгандарын тараткан.

Митинг сторонников Садыра Жапарова в сквере имени М. Горького - Sputnik Кыргызстан
Сот Садыр Жапаровго өкүм чыгарды
Ошондой эле митингчилер милиция автобусунун эшик-терезелерин талкалап, беш тартип сакчы жаракат алганы айтылат.

Бишкек ШИИБ кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Бейбаштык", "Мүлккө зыян келтирүү" жана "Бийлик органдарына күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ишемби күнү кечки саат 8ге чейин 105 адам кармалган. Биринчи май райондук сотунда кармалган 65 жарандын 12сине административдик айып салып, калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп коё берилген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду УКМКнын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып келген. Анын жактоочулары Горький атындагы паркта митинг уюштуруп, андан кийин УКМКнын алдына келишкен. Алар милиция менен тиреше кеткенден кийин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү митингчилердин айрымдарын кармап, калгандарын тараткан. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык беренелери боюнча айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0