Муфтийликти көздөгөн үч талапкер аныкталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКурун китебин окуп жаткан аалым. Архив
Курун китебин окуп жаткан аалым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтийлик шайлоого катыша тургандар өздөрүн өздөрү жана андан сырткары аларды жамааттар да көрсөткөн.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жаңы муфтийдин шайлоосуна үч талапкер — азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталды. Бул туурасында Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

© Фото / пресс-служба ДУМК Максат Токтомушев — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
Максат Токтомушев   — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызстан муфтийлигине талапкер - Sputnik Кыргызстан
1/3
Максат Токтомушев — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак Жалилов — диний аалым, экс-муфтий, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
Чубак Жалилов — диний аалым, экс-муфтий, Кыргызстан муфтийлигине  талапкер - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чубак Жалилов — диний аалым, экс-муфтий, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
© Фото / Нургазы КаримовНиязали Арипов — Теология илимдеринин доктору, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
Ниязали Арипов — Теология  илимдеринин доктору, Кыргызстан муфтийлигине  талапкер - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ниязали Арипов — Теология илимдеринин доктору, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
1/3
Максат Токтомушев — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
2/3
Чубак Жалилов — диний аалым, экс-муфтий, Кыргызстан муфтийлигине талапкер
3/3
Ниязали Арипов — Теология илимдеринин доктору, Кыргызстан муфтийлигине талапкер

Муфтийди шайлоо 4-апрелге коюлган. Ага чейин атайын комиссия конкурс уюштуруп, муфтий болом дегендердин потенциалын сынап көрөт.

"29-30-апрелде атайын конкурс өтөт. Комиссия үчөөнүн теологиялык багыттагы илим-билим деңгээлин, Баш мыйзамды канчалык деңгээлде билерин, муфтий катары келечектеги иш-пландары, программасы кандай экендигин сынайт", — деди Ибраев.

Аалымдар кеңешинин төрага орун басары талапкерлерди өздөрүнөн сырткары жамааттар да көрсөткөнүн кошумчалады.

Мечеть в новостройке Ак-Орго на окраине города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жазында жаңы муфтий шайланат. Талапкерге коюлган талаптар
"Үч талапкер өздөрүн өздөрү көрсөттү. Андан сырткары Ниязалы Ариповду бул жактагы жамаат, топ инсандар сунушташты. Чубак Жалиловду да, Максат Токтомушевди да ушунтип сунушташты", — деди ал.

Муфтийлердин билимин текешерип, анын татыктуу талапкер экендигин аныктай турган комиссия тогуз адамдан турат. Курамына КРдин Аалымдар кеңешинен алты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан эки жана Улуттук коопсуздук боюнча кызматтан бир өкүл кирген.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги — өлкөнүн муфтийлигине шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин арызын кабыл алуу мындан бир топ күн мурда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0