Кыргызпатент инновациялык технопарк түзүүнү пландап жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызпатенттин жетекчиси Досалы Эсеналиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда
Кыргызпатенттин жетекчиси Досалы Эсеналиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызпатент келечекте кыргыз элинин улуттук (каада-салт) жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын (шырдак, туш кийиз) базасын түзүүнү пландоодо.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жаш окумуштууларды колдоо максатында жогорку техникалык окуу жайлардын биринде инновациялык демилгелерди иштеп чыга турган инновациялык технопарк түзүү пландалууда. Ал үчүн жогорку окуу жайлардын арасында сынак жарыяланмакчы. Бул туурасында Кыргызпатенттин жетекчиси Досалы Эсеналиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтты.

Өкмөттүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Эсеналиев улуттук жана кол өнөрчүлүк базасын түзүү зарылдыгын айтты.

"Аталган технопарк келечекте өндүрүшкө багытталган бизнес өкүлчүлүгүн колдоодо жана өнүктүрүүдө жаш окумуштууларды колдоочу, аларга дем берүүчү багыт болору күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызпатенттин келечектеги пландарында кыргыз элинин улуттук (каада-салт) жана кол өнөрчүлүк тармагында (шырдак, туш кийиз ж. б.) база түзүү ниети бар", — деди ал.

Көмүрдүн табын 50 пайызга күчөткөн жабдуу. Арстанбек Асановдун ойлоп табуулары - Sputnik Кыргызстан
Көмүрдүн табын 50 пайызга күчөткөн жабдуу. Арстанбек Асановдун ойлоп табуулары
Ал Кыргызпатент өлкө экономикасына салым кошо турган инновациялык долбоорлорду аныктоого жана аны кийин ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Кыргызпатенттин башчысы 2016-жылдын эсебинен саламаттык сактоо, айыл чарба, мал багуу жана тамчылатып суугаруу тармагында арыз берген 45 талапкердин арасынан 4 илимий арыз мыкты деп табылып, тандалып алынганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0