Ак халатчан "музыканттар" оорулуу балдардын маанайын көтөрдү

© Фото / Елена БаялиноваКечээ Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан балдарга арналган майрамдык иш-чарада Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайдын студенттери чакан концерт тартуулашты
Кечээ Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан балдарга арналган майрамдык иш-чарада Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайдын студенттери чакан концерт тартуулашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 1-марттан 1-апрелге чейин кургак учукка каршы күрөшүү айлыгы башталган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кечээ Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан балдарга арналган майрамдык иш-чарада Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайдын студенттери чакан концерт тартуулашты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуу жайдын Фтизиатрия бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Гончарова билдирди.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң
"Кургак учук менен күрөшүп жаткан балдарга жакшы маанай тартуулоо максатыбыз бар болчу. Студенттер менен биргеликте эмне кыларыбызды ойлоно баштаганда эле биздин 4-курстун студенттери Акмарал, Алихан жана Герман үчөө музыкалык аспаптарда ойноп берели деп сунуш кылышты. Балдар абдан жакшы кабыл алышты. Ак халатчандар бир гана ийне сайып, дары берет деген сезимдерден алыстап, маанайлары кадимкидей көтөрүлдү", — деди Гончарова.

Анын айтымында, КММАнын бул студенттери музыкалык орто мектептин бүтүрүүчүлөрү экен.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 1-марттан тарта 1-апрелге чейин кургак учукка каршы күрөшүү айлыгы өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0