КР — Макао футбол оюнуна карата Бишкекте жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгисин илүү. Архив
Жол белгисин илүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоголок Молдо көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин саат 17:00дөн 22:00гө чейин жол кыймылы токтотулат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Макао курама командаларынын футболдук беттешин учурунда шаардагы айрым көчөлөр бир нече саатка жабылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБнин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ал Азия кубогу-2019 тандоо турунун алкагында уюштурулууда.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондогу чөптөр жаз кечеңдегенине байланыштуу жакшы чыга элек - Sputnik Кыргызстан
Борбордук стадиондогу такыр жерлер футболчуларды кооптондурбайбы?
"Тоголок Молдо көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин саат 17:00дөн 22:00гө чейин жол кыймылы токтотулат. Ошондой эле оюндун башталышында Фрунзе көчөсүнүн жарымы — Панфилов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин убактылуу жабылат", — дешти Кайгуул милициясынан.

Маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коомдук тартипке 2600 милиция кызматкери көз салып турат.

"Атайын адистештирилген кызматтар менен биргеликте коомдук-саясий абалды эске алуу менен мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, унааларды Спорт ордосу менен аталган стадиондун жанына токтотууга тыюу салынат. Милиция жарандардан оюнга айнек жана желим буюмдарды жана учтуу, газ чыгаруучу куралдарды алып келбөөнү эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0