Илим Карыпбеков президент Атамбаевдин кабыл алуусунда болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугшуууда Карыпбеков башкы каналдын иши тууралуу президентке маалымат берди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев принял генерального директора ОТРК Илима Карыпбекова - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды

Ага ылайык, жолугушуу бүгүн, 28-мартта, болду.

"КТРК башчысы президентке өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык андан ары өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу белгиленген", — деп жазылат маалыматта.

Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Карыпбеков: өлүп калыш тез эле экен, бирок мага Кудай дагы бир өмүр берди окшойт
Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, дарыгерлердин жардамы менен кайра калыбына келтирилген.

Карыпбеков ооруканадан 26-март күнү чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0