"Себаттын" аталышы "Сапат" болуп өзгөрдү

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Себат""Себат" билим берүү мекемеси. Архив
Себат билим берүү мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы устав иштелип чыгып, ал Юстиция министрлигинен каттоодон өттү.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин түзүүчүлөр курамына КР билим берүү жана илим министрлиги кирди. Жаңы устав иштелип чыгып, ал Юстиция министрлигинен каттоодон өттү.

"Атын алмаштыргандыгына байланыштуу биздин мекеменин фирмалык стили, жаңы логотиби өзгөртүлүп, кайра бренддөө этабында турат", — деп мекемеден маалымдашты.

Международный университет Ататюрк-Алатоо - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: КРдеги Ататүрк-Алатоо университети Гүлендин террордук уюмуна тиешелүү
Былтыр Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында аталган билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп өзгөрүлөрүн айткан. Ошол эле учурда президент бул окуу жайларды Фетхуллах Гүлендин уюмуна аралаштырбоо керектигин баса белгилеп, "Себаттын" өлкө аймагындагы окуу жайлары жабылбай турганын билдирген.

"Сапат" билим берүү мекемесинин аймактарда 16 лицейи бар. Андан сырткары, Бишкек шаарында "Ататүрк — Алатоо" университети, эл аралык Silk Road мектеби, 3 орто мектеби бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0