Ветеринар: чириген аюнун этин тазалап, тишибиз күбүлүп кала жаздаган

© Sputnik / Табылды КадырбековСтуденты ветеринарного факультета Айбек Жолдошбеков и Кудайберди Замирбеков
Студенты ветеринарного факультета Айбек Жолдошбеков и Кудайберди Замирбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда мал-жан аманбы деп бекеринен ал-абал сурашпаса керек. Малдын алдын кургактап, үстүнө сарайын салып берсе эле саламаттыгы бүтүн болуп калбайт. Демейде адам ден-соолуна байланыштуу жазып жүргөн журналист Гүлдана Талантбекова бүгүн малдын саламаттыгына кийлигишип көрдү.

Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринарлар Айбек Жолдошбеков менен Кудайберди Замирбеков мал деле адам сыяктуу стресс аларын, бала салып, жасалма уруктандырыларын айтып беришти.

— Адам ооруса өзүн-өзү көңүл бөлүп, кам көрө алат. Тили табышмак малдын саламаттыгын кантип билесиңер?

Айбек Жолдошбеков: — Биз малдын саламаттыгын тышынан көрүп эле айта алабыз. Илдети жок мал жүнү жалтырап, жем-чөбүн бурдап жеп, маанайы көтөрүңкү абалда болот. Малды дарылоодо адамдар сыяктуу эле жеке жана тобу менен бөлүп алып карайбыз.

Кудайберди Замирбеков: — Ооруганда малдын деле маанайы чөгөт. Стресске түшүп, жем жегени кескин начарлайт. Мал биз сыяктуу бул же тигил жерим сыркоолоп жатат деп айта албагандыктан, клиникалык байкоого жараша жыйынтык чыгарабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринар Кудайберди Замирбеков: ооруганда малдын деле маанайы чөгөт. Стресске түшүп, тамак жегени кескин начарлайт
Студенты ветеринарного факультета Кудайберди Замирбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринар Кудайберди Замирбеков: ооруганда малдын деле маанайы чөгөт. Стресске түшүп, тамак жегени кескин начарлайт

— Мал кайсы убакта, кандай ылаңдан жабыр тартат? Бул мезгилге карата болобу?

Кудайберди: — Сибирь жарасы, кутурма, бруцеллез оорулары мезгилге карабай козголот. Адатта оорулар жайында жана кышында күчөйт. Себеби жайында талаадан чөп менен кошо ар кандай вирустук ооруну козгой турчу курт-кумурскаларды жеп алышат, бир арыктан аккан сууну бардык мал ичет. Кышында малдын баары бир сарайда кармалгандыктан ар кандай оорулардын пайда болушуна шарт түзүлөт.

Коровы на фермах Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
"Сөйкө" тагылган уйлар, эсеби алынган аарылар, кезек күткөн жылкылар
Айбек: — Эхинококк оорусу — Кыргызстанда көйгөйлүү маселелердин бири. Ал үч баскыч менен жүрөт. Биринчиси — курт-кумурскаларда кездешет, булар өздөрү оорубайт, бирок вирустарды сактап, алып жүрөрт. Анан ошол курт-кумурскаларды мал чөп менен кошо жеп алганда ички органдардын барын талкалайт. Чөп болсо ичеги менен заң түрүндө сыртка чыгат. Малды сойгондо ички органдарындагы мандемди байкап калсак, ошол жерин кесип итке ыргытып коебуз. Ит кайра эле малга жугузат.

— Көп учурда малды сойгондо боорунун таза эмес жерин көрүп калсак, кесип салып, соо жерин быжы жасай беребиз. Бул канчалык деңгээлде туура?

Кудайберди: — Маселен, боордун сыртына бөлүнүп чыккан ак бүртүктөр топтолгонго чейин органдын ичи ылаңга толуп калган болот. Боорду адатта 15-20 мүнөт бышырып туруп, пияз менен жеп алабыз. Бул өтө туура эмес. Канча бышырган учурда деле боордо илдеттин 40 пайызы сакталып калат.

Айбек: — Мен бир учурду айта кетейин. Кошунам эхинококк менен ооруп бейтапканага жатып калды. Мал, ит-куш дегенди үйүнө кармачу эмес. Бирок огородуна жашылча-жемишти көп айдачу. Анан кошунанын иттери кирип-чыгып ичтен чыккан калдыктарын таштап кете беришиптир. Себеби, элдин көбү малын вакцинациядан өткөрбөйт. Биз болсо ийне сайдырбагандарды тизме менен каттап кетебиз. Алар кийин өздөрүнүн аймагынан оору чыгып кала турган болсо жоопко тартылышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринар Айбек Жолдошбеков: кээде уй тууй албай жатат деп чакырышат. Ыңгайы келсе табигый жол менен эле туудурганга аракет кылабыз, болбосо кадимкидей эле операция жолу менен баласын алып чыгабыз
Студент ветеринарного факультета Айбек Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринар Айбек Жолдошбеков: кээде уй тууй албай жатат деп чакырышат. Ыңгайы келсе табигый жол менен эле туудурганга аракет кылабыз, болбосо кадимкидей эле операция жолу менен баласын алып чыгабыз

— Адатта мал доктурлар чакыруу менен көп иштешет. Кайсы мал ылаңга көбүрөөк чалдыгат?

Кудайберди: — Жылкы баласы күчтүү болгону менен организми абдан сезимтал, назик жан келет. Жылкынын жаталак оорусу менен көп чалышат же ат чабышта кокустап калат. Көп учурда жылкыга жем берип туруп, артынан суу берип коебуз. Анан ичегилери түйүлүп, иштей калат. Жаталак болгон жылкыны беш мүнөттүн ичинде сактап калбасаң өлүп калышы мүмкүн.

— Болбогон бир нерселерге чакырган учурлар болобу?

Вручение мотоциклов ветеринарному сервису Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда 176 ветеринар мотоциклдүү болушту
Айбек: — Өткөндө малды эмдеп жүрсөк, бир эже итимдин кулагындагы кулкусун кетире албай жатам деп кайрылып калды. Итинин кулагын текшерсек бардыгы жайында экен. Кызарган, курт-кумурска кирип кыбыраткан жайы жок. Мындан улам сынап чакырдыбы деп ойлойсуң.

Кызык эле учурлар болот. Кээде уй тууй албай жатат деп чакырышат. Ыңгайы келсе табигый жол менен эле туудурганга аракет кылабыз, болбосо кадимкидей эле операция жолу менен баласын алып чыгабыз. Көп учурда музоону көтөрө албагандын себеби жасалма уруктандыруу болуп саналат.

— Жасалма уруктандыруу тууралуу кеп кылсак. Көбүнесе кайсы мал уруктандырылат, негизи эле бул процесс кантип жүргүзүлөт?

Айбек: — Эки-үч жыл мурда жасалма уруктандыруу боюнча долбоорлор сунушталганда эл анчейин көңүлдөнгөн эмес. Азыр долбоор болбосо дагы адамдар малын жасалма уруктандырууга аракет кылып калышты. Жасалма уруктандыруу аркылуу биздин климатка ылайыкташкан, сүт багытындагы уйларды алып жатышат. Маселен, буканы талаага чыгарып койгондо уйдун баары тууйт деген кепилдик жок. Көбү кысыр калат. Жасалма уруктандырууда болсо уйдун 96 пайызы музоолуу болот.

Нарындык комбайнчы Жамиля Тойчубекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Комбайнчы Жамиля апа: аял башы менен жөн эле жүрбөйбү дегендер болгон
Кудайберди: — Букадан алынган урук азот менен 80 жылга чейин сакталат. Жасалма уруктандырууда уйдун салмагын, ылаңдабагандыгын текшерип, көтөрө алабы же жокпу деп дене бою жактан даярдайбыз. Бизде урукту сактай турчу атайын технология, лабораториялар бар. Алгач урукту алып, керектүү каражаттарды кошуп, эки саат муздаткычка тоңдуруп, анан азотко салып, таблетка түрүндө катырып коебуз. Сперма качан гана уруктандырууга жакын калганда эритилет. Бизде бодо малдын ичинен көп учурда уй жасалма уруктандырылат. Жылкыны уруктандыруу беш эсе оор. Себеби уйдун күүсү 18-20 күндө келсе, жылкыныкы бир топ убакытты талап кылат.

— Кайсыл малды аргындаштыруу мүмкүн эмес? Мисалы, эчки менен койду, уй менен жылкыны аргындаштырууга болобу?

Айбек: — Жылкы менен эшекти аргындаштырып качырды чыгарып жатышат. Алар бир туяктуу болгондуктан физиономиясы окшош болот. Ал эми бир туяктуулар менен ача туяктуулар эч качан аргындашпайт. Анткени генетикалык жактан хромосомалары туура келбейт.

— Мал союлуп жатса  кээде ичиң ачышат. Айрым учурда колуңардан өлүп калган жандыкка кейисеңер керек?

Кудайберди: — Туулганына эки ай болгон тай экен. Ичине жел туруп жаталак болуптур. Барсак абдан кыйналып жаткан экен. Мал да болсо ары-бери чуркап алапайыбызды таппай жүрдүк. Бизге кеч чалып калышты. Көпкө кыйналбасын деп мууздап салууну туура көрдүк. Көп учурда ээси малынын кыйналганынан көрө көзүн тазалап коюну эп көрөт.

Айбек: — Айылда уй багып, бедеге көп алдырдык. Бедеге тоюп ичи көөп чыккан уйду бир орунга тургузбай кубалоо керек. Кээде ичин тешип койчумун. Бир жолу жакшы көргөн уюм картошка жеп, ичи көөп кыйналып жатканда ичин тешип койдум. Бирок, аным жардам берген жок. 

— Айрым малдар дене түзүлүшүнүн артыкчылыгы менен төрөлөт. Маселен, алты буттуу музоо, эки баштуу козу дегендей. Башкача айтканда, мутацияга эмне себептен кабылышат?

Кудайберди: — Жакында эле бизге беш буттуу музоо келип түштү. Бешинчи буту бел жагында жайгашкан экен. Бутун операциялык жол менен кесип, тирүү алып калдык. Бизде радиация арбын, азон катмары жукарып жатат, көмүр кычкыл газынын көбөйүшү сыяктуу сырткы факторлор мутацияга таасир этет.

Охота в Костере. - Sputnik Кыргызстан
Аңчылыкка тыюу салууну депутаттар колдогон жок. Добуш бергендердин тизмеси
Айбек: — Кыргызда жети атаңды билип жүр деген жакшы сөз бар. Негизи жакын туугандар баш кошконго болбойт дешет. Маселен, уй эркек музоо тууду, ал чоңоюп энесине жакындайт, анын баласы баягы букага барат, анан ушинтип отуруп акырында мутацияга айланат. Өзгөчө эчкилерде гермофродит көп болот. Мутант мал сыртка чыгып туулуп калса жакшы. Айрым учурда ичте такалып чыга албай калат. Айла жок малды аман алып калыш үчүн операция кылууга туура келет.

— Ветеринар болуу оңойбу? Айрым учурда жумушуңардан иренжиген учурлар болгонбу?

Айбек: — Мындан бир канча жыл мурда Караколдогу парктан аюу өлүп калыптыр. Экспертиза үчүн бизге жиберишти. Анткени балдарга сабак өткөнгө сөөгүнүн түзүлүшү керек эле. Аюуну алып келгиче эки жумага чукул убакыт өтүп кетти. Бизге келгенде желим баштыктын ичине салып коюшуптур, эми жытынан эле тиш түшүп калчудай болду. Өлүккана бул жакта калсын. Ал кезде окуу жайда биринчи курста окучубуз. Биздин курста 120 бала бар эле, ошонун ичинен бешөөбүз чыдап, чириген эттерин кесип тазалаганбыз.

— Малдын гигиенасы тууралуу да азын-оолак кеп кылып кетсек?

Ветеринар — көк халатчан дарыгер
Кудайберди: — Күн жылыганда койлордун жүнү өсүп, жүдөп, тикенектер сайыла баштайт. Ошон үчүн кыркып коюу пайдалуу. Эчкинин тыбытын тарап деле алса жакшы. Бирок буту-колу асылып, эртеден кечке темир тарактар денесин тарткылаган эчки стресс алып, этинен түшүп кетет. Ошон үчүн тыбытын кыркып алган жакшы. Керек болсо базарга сатканга алып чыккан мал машиненин ичине стресс алып, кардарларга оорулуудай көрүнүп калышы мүмкүн. Жалпысынан кожоюндар малдын астына чөбүн, үстүнө сарайын салып бергенден сырткары саламаттыгына да көңүл буруп, убагы менен мал доктурга кайрылып турушса жакшы болор эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0