Юстиция министрлиги укуктук сабаттуулук боюнча лекцияларын улантат

© AFP / DAMIEN MEYERСтатуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз ай аралыгында окуучулар менен студенттер үчүн 60 лекция өткөрүлгөн. Эми дагы 20га чукул иш-чара уюштурулат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Юстиция министрлигинин кызматкерлери жаштардын укуктук сабаттуулугун жакшыртууга багытталган лекцияларын улантат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдү "Тилектештик автобусу" кыдырып жүрөт
Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин кызматкерлери укуктук сабаттуулук боюнча акыркы тогуз ай аралыгында окуучулар менен студенттер үчүн 60 лекция өткөргөн. Иш-чаралар борбор калаада гана эмес, аймактарда да уюштурулган. Анда жаштар менен өспүрүмдөргө коррупцияга каршы туруу, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу жолдору тууралуу маалыматтар берилген.

Эми аталган саамалыктар окуу жылынын соңуна чейин дагы уланып, 20га жакын иш-чара өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0