Ажылыктын баасы 160 долларга кымбаттап, 2760 долларды түздү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Быйыл ажылыктын жалпы баасы 2760 долларды түзүп, мурунку баасына 160 доллар кошулганын муфтияттан маалымдашты.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барчуларды эмдөө үчүн дарылар 1-майга чейин алып келинет
Ажылыктын баасы климаттык шарттан улам кымбаттай турганы боюнча Сауд Аравиясы бардык мамлекеттерге кат түрүндө билдирген. Анда аба ырайы 40-50 градуска чейин ысык болгондуктан зыяратчылар үчүн тигиле турган чатырларга кондиционерлер коюлары айтылган.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0