Снимок с социальной сети Twitter пользователя Dan.  Алмаз Раимбеков, который выиграл призы от сотовых компаний

Мен алдамчы эмесмин! Миллион сом утуп алган шаар тургуну үн катты

1564
(жаңыланган 13:48 31.03.2017)
Алмаз Раимбековдун түрдүү жылдары уюлдук эки компаниянын белектерин утканы боюнча сүрөттөрү интернетке жарыяланды. Социалдык тармактын колдонуучулары жигит менен компанияларды алдамчылык боюнча айыптап, пикирлерин жазып жатышат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Алмаз Раимбеков анын дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагууда.

Социалдык тармактарга анын ар түрдүү жылдары уюлдук эки компаниянын ойноткон байгелерин  утуп алган сүрөттөрү жарыяланган.

Интернет колдонуучулар жигит менен компанияны алдамчылык боюнча айыптап, өздөрүнүн пикирлерин айтып, Раимбеков жөндөн жөн эле эки компаниянын ири байгелирин утуп албаганын, бардыгы алдын ала сүйлөшүп алган деп жазышууда.

Раимбеков мындай викториналарга дайыма катышаарын, андыктан жеңишке жетүүдө адаттан тыш эч нерсе жок экенин билдирди.

"Колдонуучуларга SMS аркылуу анын эрудициясын текшерген суроолор келет. Ар бир билдирүүгө акы төлөнөт. Мен колдонуп жүргөн бир гана схема бар. Алгач суроо жоопторду билүү үчүн көп башында акча коротом. Андан кийин суроолор кайталангандыктан мен аларга тез-тез жооп жазып жиберем", — деди Раимбеков.

Ал ошондой эле аталган оюндар "ачык айкын" экенин айтып, уюлдук операторлор жеңүүчүнү аныктоодо алдамчылыкка барбай турганын  белгиледи.

"Алар деле жинди эмес да! Эгер алдын ала кишилер белгилүү болсо алар мени эмес башка кишилерди, мисалы моделдерди тандашмак да. Мен жаштайымдан бери чынчыл жигитмин", — деди Раимбеков.

"Альфа Телеком" ЖАКтын жарнаама жана маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Жумгал Өмүракунов миллион сомдун жеңүүчүсү "Бактылуу SMS" викторинасынын эрежеси боюнча аныкталганын билдирди.

"Упайларды эсептөөдөгү тактык жана викторинанын бардык талаптарын аткаруу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Аталган текшерүү учурунда эреже бузуу аныкталган жок", — деди Өмүрканов.

Компаниянын маалыматына ылайык, Раимбековдун өзү да, туугандары да уюлдук компанияда иштебейт.

1564
Белгилер:
лотерея, викторина, уюлдук телефон, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык ишкер интернеттен соода жасап 8 миллион рублга алданды
Кыргызстандыкты 120 000 долларга "отургузуп" кеткен чет элдикти Бишкекке беришти
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

349
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

349
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

65
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

65
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет