Шакек көрсөткөн эркек. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын көп аял алууга макул болгон аймактары. Рейтинг

3900
(жаңыланган 16:00 31.03.2017)
Көрсө Кыргызстандын ар бир төртүнчү жараны көп аялдуулукка каршы эмес экен.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өлкөнүн кайсы аймактарында көп аялдуулукка түшүнүү менен мамиле кылары тууралуу БУУнун элди жайгаштыруу фонду иликтеп чыкты.

Анын маалыматына караганда мусулман аялдардын 23 пайызы мусулман үй-бүлөлөрдө эркекке экинчи аял алуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Ал эми эркектердин 29 пайызы көп аял алууга каршы эмес.

Статистикада көрсөтүлгөндөй, көп аялдуулукка Жалал-Абаддын тургундары көбүрөөк ыктайт. Бул облустун жашоочуларынын 40 пайызы экинчи аял алуудан эч кандай трагедия көрбөйт.

Дагы бир аял алууга баарынан таластыктар менен чүйлүктөр каршы чыгышты. Сурамжылоого катышкандардын 12 гана пайызы көп аялдуулукка каршы эместигин билдирген.

3900
Белгилер:
аял, үйлөнүү, статистика, БУУ
Тема боюнча
"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз
Статком: элдин 60%ы ажырашуу аял үчүн уят деп эсептейт
Никеге турган кыз-келиндер тууралуу жети факты
Статком: Кыргызстанда 1000 аялга 981 эркек туура келет