Астролог Кадыралиев: өлүмдөн башкасын айтып бергенибиз деле жетиштүү

Жазылуу
Астролог Жанар Кадыралиев 23 жылдан бери жылдыздарга байкоо жүргүзүп келет. Ага күн сайын түрдүү суроолор менен кайрылгандар үй-бүлө, акча, келечек тууралуу сурашат. Андан сырткары, "качан өлөм?" деп кайрылгандар да бар экен.

Кадыралиев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Алгачкы эле суроо, астрономия тармагына кантип аралашып калгансыз?

— Мен астролог болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Анын үстүнө элдин көзү ачыктар менен астрологдордун ишин чаташтырганы көп жакчу эмес. Бала кезимде учкуч болом деп кыялданчумун. Көрдүңүзбү, ошондо эле каалоо асманга, астрономияга тартып жаткан экен. Армиядан келип аэрофлот агенсттигине тапшырып, сегиз ай окугандан кийин бир тууган тайкем "ата-энеңдин, иниңдин жанында бол" деп үйгө жөнөтүп жиберди. Анан Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине тапшырдым. 1993-жылдан тарта Москадагы тажрыйбалуу адистер менен иштешип, толук түрдө астрономия тармагына аралаша баштадым.

— Алгачкы жолу чыгарып берген божомолдоруңуз эсиңиздеби?

Снимок с социальной сети Twitter пользователя Dan.  Алмаз Раимбеков, который выиграл призы от сотовых компаний - Sputnik Кыргызстан
Мен алдамчы эмесмин! Миллион сом утуп алган шаар тургуну үн катты
— Биринчи өзүмө, анан туугандарыма түзө баштадым. Маселен, үйүңөргө конок келет, баланча күнү жакындар менен тирешүү болот, бул күнү сапарга чыгышыңар мүмкүн деп айтсам, туура чыгып жатты. Кийин досторго түзө баштадым. Ишмердүүлүгүм башталгандан төрт жылдан кийин бардыгын ишенимдүү, так түзүп калдым. Азыр эми астрономия тармагында жүргөнүмө 23 жыл болду, кудайга шүгүр. Мамлекеттик астрологиялык божомолдорду да түзөм.

— Астрономиялык жыйынтыктарды кандай ыкмалар менен аныктайсыздар?

— Жылдыздардын жүрүшү астрономиялык түшүнүктүн негизи эфемеридалык таблица түрүндө түзүлүп, кайсы жылы, кайсы айда, кайсы планета каякта жайгашары градус, минуталарына чейин көрсөтүлөт. Бул таблица үч жүз жыл алдыга түзүлөт. Таблицаны күндө китептен карап отурбай, ноутбугума эле көчүрүп алгам.

— Акыркы жылдары саясатчылар менен дагы иштешип келериңизди билебиз. Алар көбүнчө кандай суроо менен кайрылышат?

— Алдыда ишим кандай болот, атаандаштарым ким болот, башка кесиптештеримдин да атаандаштары ким болушу мүмкүн деп сурашат. Андан кийин, албетте, үй-бүлөлүк маселелерине кызыгат.

© Sputnik / Табылды КадырбековАстролог Жанар Кадыралиев: көбүнчө кыз-келиндер келишет. Алардын кызыкканы эле келечек, үй-бүлө. Мисалы, күйөөм экөөбүз көпкө жашайбызбы, бала-чакамдын келечеги кандай болот, акчабыз көбөйөбү деген суроолор менен кайрылышат
Астролог Кадыралиев: өлүмдөн башкасын айтып бергенибиз деле жетиштүү - Sputnik Кыргызстан
Астролог Жанар Кадыралиев: көбүнчө кыз-келиндер келишет. Алардын кызыкканы эле келечек, үй-бүлө. Мисалы, күйөөм экөөбүз көпкө жашайбызбы, бала-чакамдын келечеги кандай болот, акчабыз көбөйөбү деген суроолор менен кайрылышат

— Жыйынтыгын укканда кандай реакцияларын байкап жүрөсүз? Жаман жактарын угуп калышса сес көрсөтүшсө керек?

— Көбү ачык эле айт деп суранышат. Бир жолу кардарга балдары тууралуу бетке айтсам, андай болушу мүмкүн эмес деп капа болгон. Үйлөнөм дегендер да келет. Алардыкын деле бактылуу жашайсыңар же материалдык өксүктөр болот, үйлөнсөңөр ызы-чуу көп болот деп ачык айтам. Алгач кайрылгандар бир нече айга же жылга карата түзүп, жыйынтыгы туура чыккандан кийин бизге ынана баштайт. Жакшы нерселерди укса жылмайып, сүйүнүп, жаман жагын айтсам ойлонуп калышат.

— Адаттан тыш суроолор менен кайрылгандар болобу?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Көбү келечек тууралуу суроо беришет. Өткөндө бир адам телефон чалып алып, "качан өлөрүмдү билсем болобу" деп суроо берди, мен "ооба, бирок бул көп убакытты талап кылат, анын сизге кандай зарылчылыгы бар эле" дедим. Себеби, дүйнөлүк астрономияда төмөндөгүдөй суроолорго батынып жооп айтууга тыюу салынат. Эгер билип калсак деле ушул убакытта этият болуңуз деп айтып коёбуз. Бардыгын ачык айткан астрологдор деле бар. Маселен, орус ырчысы Игорь Тальков астролог Павел Глобага кайрылганда "эки айдын аралыгында өлүм күтүп турат" деген жоопту угуп, жубайы экөө күлүп ишенбей коюптур. Эки айдан кийин ырчынын сөөгү жерге берилип жатканда, аялы ошол тууралуу эстеп жакындарына айтат. Аны уккан журналисттер жөн турбай Павел Глобага жөнөйт, астролог болсо "ооба, мен ошентип айткам" деп жооп бериптир. Бирок астрологдордун өлүмдөн башкасын айтканы эле жетиштүү деп ойлойм.

— Сиздин кардарларыңыз ким?

— Көбүнчө кыз-келиндер келишет. Алардын кызыкканы эле келечек, үй-бүлө. Мисалы, күйөөм экөөбүз көпкө жашайбызбы, бала-чакамдын келечеги кандай болот, акчабыз көбөйөбү деген суроолор менен кайрылышат. Эркектер деле келет. Көбү иши жүрүшпөй, кыйналгандар. Ишкерлер ити чөп жебей калганда келет. Адам жылкы мүнөз, иши жүрүшүп жатканда кайрылбайт.

— Адамдын жылдыз белгиси жашоосуна таасирин тийгизеби?

— 12 жылдыз белгисинин аракетине бир гана күндүн таасири эске алынат. Жердеги алты миллиард калкты он экиге бөлсөк, ар бирине 500 миллиондон туура келет. Маселен, букачарды бул жумада үлпөт тою күтүп турат десе, калган 500 миллион букачардын тагдыры ошондой болбойт. Ошондуктан 20-30 пайыз мүмкүн деп айтылат. Анан кээ бирөө астрологдор жөн эле айта берет экен деп ойлошот. Бул жерде адамга жалгыз гана жылдыз белгисине карап мүнөздөмө бербей, планеталардын да жайгашуусун карап чыгуу кажет.

— Дин менен астрологиянын ортосунда талаш-тартыш пикирлер бар. Сиздин буга оюңуз кандай?

— Мен кудайга ишенем, бир маал багымдат намазын окуйм.

© Sputnik / Табылды КадырбековАстролог Жанар Кадыралиев: азыр асманда Юпитер, Уран, Плутон планеталары чыңалуу абалында турат. Өзгөчө Юпитер кетенчиктөө абалында, эми кайра алдыны көздөй бет алат. Өлкө үчүн сентябрдын биринен баштап октябрдын жыйырмасына чейин, башкача айтканда 50 күн ичи кооптуу болуп турат
Астролог Кадыралиев: өлүмдөн башкасын айтып бергенибиз деле жетиштүү - Sputnik Кыргызстан
Астролог Жанар Кадыралиев: азыр асманда Юпитер, Уран, Плутон планеталары чыңалуу абалында турат. Өзгөчө Юпитер кетенчиктөө абалында, эми кайра алдыны көздөй бет алат. Өлкө үчүн сентябрдын биринен баштап октябрдын жыйырмасына чейин, башкача айтканда 50 күн ичи кооптуу болуп турат

— Кыргызстандыктарды жакынкы бир айда эмнелер күтүп турат?

— Жакынкы күндөрү, тагыраак айтканда 6-апрелден баштап 10-майга чейин жалпы эле Кыргызстандыктар үчүн тараза, тоо теке жылдыз топторунун альфа, бета, гамма жылдыздарынын өз ара арекеттенүүлөрүнүн натыйжасында байланыш жана электроника, жолго чыгуу, унаа кыймылы, канцеляриялык иштер, сүйлөө, окуу, ой-жүгүртүү жаатында жумуштарды жасоодо өтө кылдат болуубуз зарыл.

Ледники - Sputnik Кыргызстан
Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду
Мисалы, кыска же узак мөөнөттөгү жолго чыктык дейли. Дал ушул жолго чыгуудан мурда жолдо жүрө турган унааны алдын ала техникалык кароодон өткөрүп алганыбыз оң. Болбосо жолдо түрдүү техникалык бузулууларга туш болуп, көздөгөн жериңизге болжогон убакыт, саатта жетпей калышыңыз мүмкүн. Бул убакыт аралыгында башка мезгилдерге салыштырмалуу жол транспорт кырсыктарынын саны кескин көбөйөт. Бул бүтүндөй жүк ташуучу оор техникаларга тиешелүү.

Байланыш жана электроника техникаларынан компьютер, телефон, радио, телевизор, телеборборлор, интернет, оргтехника иштөөсүндө айрым кыйынчылыктар жаралат. Бул нерселерге байланыштуу көйгөйлөр көбөйүп, айрым учурда жоготуп же уурдатып коюу коркунучу болот. Бул көрүнүш бир ай сакталат. Ошондой эле бул мезгилде жаңы жумушка которулууга, жаңы жерге көчүүгө, келишимдерди түзүүгө, коомчулуктун алдына чыгып сүйлөөгө ыңгайсыз убак.

— Күз кандай өтөт?

— Азыр асманда Юпитер, Уран, Плутон планеталары чыңалуу абалында турат. Өзгөчө Юпитер кетенчиктөө абалында, эми кайра алдыны көздөй бет алат. Өлкө үчүн сентябрдын биринен баштап октябрдын жыйырмасына чейин, башкача айтканда 50 күн ичи кооптуу болуп турат. Эң орчундуусу 28-сентябрга туш келет. Ушул убакта саясатчылар токтоороок болушу керек. Бул окуялар Уран менен Юпитердин карама-каршылыгынан улам болот. Планеталар ордунан жылганда кайсы бир жылдыз белгиси күч топтойт же алдан тайыйт.

— Бардыгы кызыккан суроо, ким президент болушу мүмкүн?

— Арстан жылдызынын өкүлү өлкө башчылыкка келиши мүмкүн. Башка жылдыз белгилерине караганда анын мүмкүнчүлүгү чоң. Эгер талапкерлердин арасында дагы бир арстан болсо анын да мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0