Франциялык окумуштуулар жалкоолук жугуштуу экенин аныкташты

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЭс алып жаткан адам. Архив
Эс алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Париждеги баш мээ жана жүлүн институтунун оукумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө алтымыш адам катышкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Франциялык нейрофизиологдор адамдагы айрым адаттар жугуштуу экендигин аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости PLoS Computational Biology журналына таянып билдирди.

Такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай түстөгү таксилер көп кырсыкка кабыларын окумуштуулар аныкташты
Маалыматка ылайык, Париждеги баш мээ жана жүлүн институтунун оукумуштуулары Мари Девэн жана Жан Донизо атайын изилдөө өткөрүшкөн. Ага 12 адамдан турган беш топ катышып, аларга экономикалык оюндарды компьютерде ойнотушкан. Эксперимент башталар алдында бөлүнгөн тайпаларга аларга чейинки оюнчулардын аракеттери тааныштырылган. Чындыгында ал жыйынтыктар адамдарга эмес, жасалма интеллектиге таандык болгон.

Оюн тартиби жөнөкөй экени айтылат. Катышуучулар баасы менен экранга чыккан эки товардан көбүрөөк киреше табууга мүмкүн болгон сүрөттү тандоосу зарыл болгон. Эксперименттин арты менен изилдөөчүлөр буга чейин көрсөтүлгөн оюндун таасир эткендигин аныктоону көздөшкөн. Жыйынтыгында жасалма интеллектинин оюнчуларга тассир эткени байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0