Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты

© Sputnik / Данияр СандыбаевМанасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив
Манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу) үч жарым жашынан тарта "Манас" айта баштаган. Азыр 12ге чыкты. Нарында туулуп, учурда Ысык-Көлдө жашайт. Ата-энесинин айтымында, ал "Манасты" курсакта жатканда эле эшите баштаган.

Sputnik Кыргызстан бүгүн кичинекей манасчы Болот уулу Үмөт туурасында кызыктуу сегиз фактыны сунуштайт.

Үмөттүн киндик каны Миң-Булакта тамган. 2005-жылы Нарын облусунун Миң-Булак (мурдагы Куйбышев) айылында туулуптур. Ал эми кезегинде бул жерди атактуу, кадимки Тыныбек манасчы жердеген.

Улуу манасчынын касиети жуккан сындуу. Үмөттүн манасчылык касиети анын ата-бабасынан берилгендигин апасы Бактыгүл Кыдырмышева айтып берген жайы бар.

"Улуу манасчы Тыныбек атанын таланты, касиети берилгенби деп ойлойбуз. Азыр эстесем, "Манасты" курсакта жатканда эле угуп чоңойгон экен. Кош бойлуу кезимде улуу эки уулум атасы бир жакка кеткенде отуруп алып, узак убакыт "Манас" айтышып, мен алардын тексттерин улам эстетип, айтор, кечке алектенчүбүз", — деген апасы Бактыгүл Кыдырмышева.

Кичинекей Үмөт кыргыздын көп аттуу-баштууларын баш чайкаткан жайы бар. Жазуучу, драматург Бексултан Жакиев "бала курсактагы кезинде бул касиет менен жетилген" дегенин угуп, чын эле деп ынандым" деген экен анын дирилдеп "Манас" айтканын уккандан кийин. Ал эми мурдагы президент Роза Отунбаева " анын туулгандагы тууралуу күбөлүгү эле силердики, бул өнөрлүү бала эми кыргыз элине тиешелүү, аны көздүн карегиндей сактагыла" деген жайы бар.

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты
Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жолу… 2015-жылдын июнь айында Үмөткө "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам ыйгарылган. Ал Кыргызстандын тарыхындагы бул төш белгиге ээ болгон биринчи мектеп окуучусу.

Премьер-министрден алкыш. Жакында эле өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды анын ичинен кичинекей Үмөттү да Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндарындагы маданий массалык иш-чараларга активдүү катышкандыгы жана Тарых жана маданият жылына кошкон салымы үчүн алкыш жарыялады.

Актёрлук өнөр. Эрнест Абдыжапаров тартып бүткөн "Саякбай" тасмасында улуу манасчынын кичинекей кезин жаш манасчы Үмөт аткарды. Аталган тасма быйыл жайында көрүүчүлөргө тартууланмакчы.

© Ринат МурзаевМанасы Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу)
Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду - Sputnik Кыргызстан
Манасы Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу)

Үмөткө Манаска тургузулган эстеликтин бири да жакпайт. Биз менен болгон маегинде Бишкек шаарындагы улуттук филармониянын алдындагы эстеликти кичинекей кылып коюптур деп ичи чыкпаганын билдирген. "Манас ата килейген киши болгон да. Анан жанагы эки арстаны бар жакшы экен (Ош шаарындагы эстелик), бирок саал окшошпой турат. Негизи алар Манасты окубай эле жасап коюшкан окшойт", — дегени бар.

Көлдү жердеген манасчы. Учурда Үмөт ата-энеси менен бирге Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0