Бүгүн шаар тургундарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага баардык каалоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Укук мектеби" коомдук фонду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери менен биргеликте "Укуктук Эркиндик" аталышындагы иш-чара уюштурат. Бул тууралуу аталган фондун директору Мээрим Кыдырмамбет кызы билдирди.

Иш-чарага ылайык, тажрыйбалуу адвокаттар, юристтер жана алдыңкы студенттер шаар тургундарына акысыз юридикалык консультация берет. Анын максаты жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу болуп саналат.

"Жарандар 2-апрель күнү Эркиндик бульварында Юстиция министрлигинин адистеринен, адвокаттардан акысыз юридикалык жардам ала алат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага баардык каалоочулар катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0