Илимпоздор көбүнчө кандай адамдарга бат суук тиерин аныкташты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСасык тумоодон дары-дармектер. Архив
Сасык тумоодон дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көбүнчө кандай адамдарга бат суук тийерин аныкташ үчүн илимпоздор 18 жаштан 55 жашка чейинки 159 адамга атайын эксперимент жасап көрүшкөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Американын окумуштуулары бат сук тийип ооруп калгандар эл менен көп сүйлөшпөгөн жалгыз адамдар экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости The Guardian басылмасына таянып билдирди.

Турак үйдүн терезелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар түнкүсүн ачык турган терезе кант диабетинин алдын аларын аныктады
Маалыматка ылайык, илимпоздор атайын эксперимент жүргүзүп көрүп анда, 18 жаштан 55 жашка чейинки 159 адамды тандап, аларды атайын вирус менен оорутушкан. Өз каалоосу менен катышкан адамдарды беш күнгө мейманкана камап коюшуп, алардын физикалык, психологиялык абалына көз салышкан.

Жыйынтыгында илимпоздор жалгыз калган, өзүн ташталган деп эсептеген адамдар ооруга тез кабылаарын аныкташкан.

Мындан улам дарыгерлер суук тийип ооруп калган адамдын психологиялык абалын да текшертүү керек экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0