7-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду тосуп жаткан кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Жолду тосуп жаткан кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция бул күнү кайсы көчөлөргө автоунааларды токтотууга болорун жарыялады.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 7-апрелде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү жабыларын КР ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мындай аракет 2010-жылдагы апрель окуясынын жети жылдыгына байланыштуу иш-чаралардан улам көрүлүүдө.

Бул күнү Киев көчөсү менен Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн тарта Эркиндик проспектисине чейин жабык болот.

Жол кыймылына таң эртеден тарта түн ортосуна чейин чектөө киргизилет.

Андыктан бул күнү машиналарды төмөнкү даректер боюнча токтотууга болот. Көчөлөрдүн тизмеси:

  • Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Мурдагы "Нарын" ресторанынын аймагы;
  • Опера жана балет театрынын аймагы;
  • Тыныстанов көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Эркиндик проспектиси — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Раззаков көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин;
  • Панфилов көчөсү — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;
  • Тоголок Молдо — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;
  • Раззаков көчөсү — Киевден Токтогулга чейин;
  • Орозбеков көчөсү — Киевден Токтогулга чейин;
  • Рыскулов көчөсү — Тоголок Молдодон Манас проспектисине чейин;
  • Абдымомунов көчөсү — Тоголок Молдодон Исановго чейин;
  • Абдымомунов көчөсү — Тыныстановдон Абдрахмановго чейин;
  • Жумабек көчөсү — Тыныстановдон Ибраимовго чейин;
  • Логвиненко көчөсү — Фрунзеден Жибек Жолуна чейин;
  • Исанов көчөсү — Жибек Жолунан Киев көчөсүнө чейин;

Эмгек кодексине ылайык, 7-апрель эс алуу күнү болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0