Атамбаев: Карамушкинадан коркту дебегиле, бирок жыйын орус тилинде өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында "2013-2017-жылдар аралыгындагы Улуттук өнүгүү боюнча стратегиянын алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки көп жылдык стратегияны даярдоо" маселеси каралат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынын тамаша айтуу менен баштады.

Мамлекет башчы өз сөзүндө "2013-2017-жылдар аралыгындагы Улуттук өнүгүү боюнча стратегиянын алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки көп жылдык стратегияны даярдоо" маселеси карала турганын билдирип, жыйындагы талкуулар орус тилинде өтө турганын белгиледи.

"Депутаттар Карамушкинадан коркуп кетти деп ойлошпосун. Бул жерде чет элдик өкүлдөр дагы бар. Маалымат бурмаланып кетпеши үчүн түз которулуп жатат", — деди Атамбаев.

Өлкө башчы маалыматтын туура которулушу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0