Бишкекте 10 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

© Фото / Свердловское РУВДДайынсыз жоголгон 10 жашар Асел Төрөбекова
Дайынсыз жоголгон 10 жашар Асел Төрөбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2006-жылы туулган Асел Токтобаева 3-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча жок.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында 10 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, Свердлов РИИБи калаа тургундарынан аны издөөгө жардам берүүнү суранууда.

© Фото / Свердловское РУВДПропавшая Аселя Торобекова 2006 года рождения
Пропавшая Аселя Торобекова 2006 года рождения - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая Аселя Торобекова 2006 года рождения

Асел Төрөбекова 2006-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Кантемир көчөсүндө жашачу. Кечээ, 3-апрелде, түшкү саат 12:15терде үйдөн чыгып, мектеп жакты көздөй кеткен боюнча дайынсыз.

"Кыздын бою 130-140 сантиметр. Арыкчырай, чачы кара, узун, ийнинен бир аз түшүп турат. Үйдөн кызыл күрмө, мектеп формасын, кара туфли, кара топу кийип чыккан", — деп жазылат маалыматта.

Кызды кимдир-бирөөлөр көрүп калса, Свердлов РИИБдин төмөнкү номерлерине чалып байланышсаңыздар болот:

(0550) 102-872, (0772)18-09-45.

Бала жоголуп кетсе кандай кадамдарды жасаш керек экендигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0