Ымыркайы менен вагондо жашаган келин Москвадан Кыргызстанга келе албай жатат

© AP Photo / Pavel GolovkinБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жаңы төрөлгөн ымыркайы менен вагондо кыштаган кыргыз кызы мекендештеринен жардам күтүүдө.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Үч айлык баласынын күбөлүгү, колунда бир тыйын акчасы жок Гүлсанай аттуу кыргызстандык келин Москва шаарынан Кыргызстанга келе аблай жүргөн кези. Бул тууралуу жаш эне өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Учурда баласы менен Москва метрополитенинин Речной станциясынын аймагында бирөөнүн вагонунда баш калкалоодо.

22 жаштагы Гүлсанайдын айтымында, ал баласынын атасы менен мамилесин расмий күбөлөндүргөн эмес, экөө нике кыйдырып эле жашап жүргөн. Наристе ушул жылдын 15-январь күнү жарык дүйнөгө келген.

"Жолдошум Нурислам балабыз төрөлөрү менен эле жоголуп кеткен. Бирок январь айынын аягында депортация болгонун, Кыргызстанда жүргөнүн айткан. Ал эми февраль айында кайрадан Санкт-Петербург шаарына иштегени келгенин жазган. Бирок бизге келгиси жок, дайынын билдирбейт", — деди жаш эне.

Учурда ал үч айлык Али менен буга чейин бир туугандарын иштетип жүргөн армян улутундагы адамдын вагонунда жашап келет. Келиндин Кыргызстанда жүргөн агасы мурдагы кожоюнунан карындашына жардам берүүсүн өтүнгөн экен.

Үч эмдин энеси: жалгыз бой болуп, батирде жашасам да балдарым жанымда - Sputnik Кыргызстан
Үч эмдин энеси: жалгыз бой болуп, батирде жашасам да балдарым жанымда
"Мен төрөт үйүнөн чыгарым менен эле ушул вагонго келдик. Ээси агамдын таанышы болгондуктан, бизге жардам берип жатат. Жашаганыбыз бекер, тамак-аш, баламдын жалаяктарына чейин алып келип берет", — деди Гүлсанай.

Ымыркай менен вагондо кыштоо Россияда эмес, Кыргызстанда дагы акылга сыйгыс экени белгилүү. Андыктан, энеси кичинекей Али улам-улам ооруп каларын айтат. Эң кооптуусу Гүлсанай ымыркайдын дене табы канчалык көтөрүлсө дагы ооруканага алып бара албайт. Айтымында, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок наристени колдон жулдуруп ием деп коркот.

"Алинин күбөлүгү тургай туулгандыгы тууралуу справкасы дагы жок. Анткени, мени толгоом башталганде тез жардам менен акы төлөөчү төрөтканага алып барышкан экен. Ал жакка 12 миң рубль карыз болуп калганбыз. Төлөмөйүнчө справка бербейбиз дешкен. Азыр бир тыйын акчам жок", — деди Гүлсанай.

Өзүнүн айтымына караганда, Гүлсанай турмушка чыгар алдында Россияда иштеп жүргөн бир тууганы каза болгон экен. Анын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн насыяга акча алган ата-энеси карызынан кутула албай жаткандыктан, кызына жардам бере албай келет.

Ошол себептүү Гүлсанай кайрымдуу адамдардын жардам сурай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0