Отурбай койчу болсоң, "апа" дебе! Баткендик журналист кыздын окуясы

© Фото / Татьяна ЗеленскаяКадр из мультика про украденную невесту Гулжан Турдубаевой
Кадр из мультика про украденную невесту Гулжан Турдубаевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Гүлжан Турдубаева алгач башынан өткөн окуяны эч кимге жар салгысы келген эмес. Атургай азыр да ал учурду эстегенде көзүнө жаш айлана түшөт.

Гүлжан Турдубаеванын окуясын сүрөтчү Татьяна Зеленская мультфильмдин негизинде чагылдырып берди. "Клооп" маалыматтык веб-сайттын ролигиндеги каармандын аты Наргиза.

Сценарий боюнча кичинекей Наргиза аны ала качкандарга туруштук берип, акыры алардан кутулуп чыгат. Кийинчерээк ЭлТР телеканалынын журналисти Гүлжан Наргизанын окуясы анын башынан өткөн нерсе экенин айтып берген.

— Бала чагыңызда үлпөт тоюңузду кандай элестетчү элеңиз?

— Ал жөнүндө ойлончу деле эмесмин. Ийгиликтүү журналист болсом деп кыялданчумун. Бирок апам эмнегедир мени медайым болсо деп самай берчү, мындан улам мектепти аяктагандан кийин медициналык колледжге тапшыргам. Үч жыл окудум, бирок бул тармак таптакыр жакчу эмес. Акыры журналист болуу үчүн университетке тапшырдым.

© Фото / Нурлан УсеналиевЖурналист Гүлжан Турдубаева: кыздардын баарын эле ала качышат. Менин классташ кыздарымдын баары эле ошентип турмушка чыгышкан, көбү буга башынан эле макул болчу, анткени ала качуу салт катары кабыл алынат
Журналистка телеканала ГТРК ЭлТР Гулжан Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Журналист Гүлжан Турдубаева: кыздардын баарын эле ала качышат. Менин классташ кыздарымдын баары эле ошентип турмушка чыгышкан, көбү буга башынан эле макул болчу, анткени ала качуу салт катары кабыл алынат

— Айылыңарда ала качуу деген көп беле?

— Кыздардын баарын эле ала качышат. Менин классташ кыздарымдын баары эле ошентип турмушка чыгышкан, көбү буга башынан эле макул болчу, анткени ала качуу салт катары кабыл алынат.

— Сизди да ала качууга аракет болгон турбайбы?

— Үч жыл мурун болгон. Эжем чакырып, капельница коюп берчи деп калды. Баса, ал кыздарга күйөө тапканга аябай маш эле. Бойдок жигиттердин энелери кыз таап бер деп көп кайрылчу. Оюмда эч нерсе жок эле баргам.

Бишкектеги соцэксперимент: ала качып бараткан кызга жардам бере аласызбы? - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги соцэксперимент: "ала качып" бараткан кызга жардам бере аласызбы?
Эл көп экен, бир маалда эркек киши кирди эле, үйдөгүлөрдүн баары чыгып кетти. Азыр анын аты эсимде жок. Болгону бою кыска, курсагы чыгып турган адам экенин элестетем. Беш мүнөттөй сүйлөштүк, менин эмне жакшы көрөрүмдү, канча балалуу болгум келерин сурады. Балдарды жакшы көрөрүмдү, бирок азыр турмушка чыгууну ойлоно электигимди айттым. Анан чыгып кеткендер кайра киришти. Тиги киши кафеге чакырды, мен баш тартып, үйгө барарымды билдирдим. Анан үйгө жеткизип коеюн дегенинен машинасына отургам.

Ошондо кантип ала качып баратканын билбей калганыма таң калам! Үйүнө алып келгенден кийин телефонумду алып коюшту, отургузууга аябай аракет кылышты. Чынын айтсам, аябай корктум. Бир маалда жоолук алып келип башыма сала башташты. Мен салдырбай кыйкырып-өкүрүп, ыйлап жаттым.

Бир маалда эжем: "Болду, ыйлаба! Отурасың, ата-энең макул болду!" деп урушту. Эмне дээримди билбей калдым. Анткени, атам менен апам эч убакта менин каалоомо каршы чыгышчу эмес. Ого бетер жиним келди. Милицияга барарымды, бүгүн болбосо эртең баары бир кетип каларымды айттым… Азыр да эстесем ыйлагым келе берет… Тирүү кишини эле таптакыр тааныбаган жерге алып келип "ушул сенин күйөөң, бул сенин үйүң" деп догурунган кантип болсун?!

© Фото / из личного Гулжан ТурдубаевойЖурналист Гүлжан Турдубаева: бир жылга чукул өзүмө келе албай жүрдүм. Моралдык жактан аябай оор болду. Башка кыздар мындайды кантип башынан кечирерин билбейм, анткени, бейтааныш киши менен нике түнүн да өткөрүү керек да
Журналистка телеканала ГТРК ЭлТР Гулжан Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Журналист Гүлжан Турдубаева: бир жылга чукул өзүмө келе албай жүрдүм. Моралдык жактан аябай оор болду. Башка кыздар мындайды кантип башынан кечирерин билбейм, анткени, бейтааныш киши менен нике түнүн да өткөрүү керек да

Таң ата баштады. Колдорумдун көгала болгонун айтпаңыз…

Акыры эжем апам менен сүйлөштүрдү. Жарым сааттай сүйлөштүк. Апам кафеге барууга макул болгондон кийин, жигит жаккандан кийин ошол жакта калышым керектигин айтты. "Апа, бул калп! Мен макул болгон эмесмин, милицияга чалыш керек!" деп ый аралаш кыйкырдым. Апам эжемдин түрмөгө отуруп калышынан коркту окшойт, "түшүнчү, сен отурушуң керек, баарыбызды уят кылып жатасың, азыр кетсең мени экинчи "апа" деп айтпа" деди.

10 мүнөттөн кийин кайра чалып "мени кечирчи, беттегениңди бербеген мүнөзүңдү билем, отурбай эле кой" деди. Кетээрде ала качкандарга карата эч кандай дооматым жок экени тууралуу тил кат жазып бердим.

— Окуя топ таасир этсе керек?..

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
— Бир жылга чукул өзүмө келе албай жүрдүм. Моралдык жактан аябай оор болду. Башка кыздар мындайды кантип башынан кечирерин билбейм, анткени, бейтааныш киши менен нике түнүн да өткөрүү керек да.

Көпкө чейин апам менен тил табыша албай жүрдүм. Азыр мамилебиз аябай жакшы, байма-бай чалып турат, үйгө барсам да жылуу тосуп алат. Кыздардын баары эрте турмушка чыгышы керек деген оюнан кайтты. Бир чети мен азыр 27демин, бул курагында апам беш баланын энеси болуп калган да!

Азыр Кыргызстан өнүгүп-өсүп жатат, адамдардын да деңгээли өсүшү керек. 16 жаштагы кызга үйлөнгөн эркектерди таптакыр түшүнбөйм. Кичинекей кыз ага кантип жакшы аял болуп бере алат?!

© Фото / Максат КудайбердиеваЖурналист Гүлжан Турдубаева: азыр Кыргызстан өнүгүп-өсүп жатат, адамдардын да деңгээли өсүшү керек. 16 жаштагы кызга үйлөнгөн эркектерди таптакыр түшүнбөйм. Кичинекей кыз ага кантип жакшы аял болуп бере алат?!
Журналистка телеканала ГТРК ЭлТР Гулжан Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Журналист Гүлжан Турдубаева: азыр Кыргызстан өнүгүп-өсүп жатат, адамдардын да деңгээли өсүшү керек. 16 жаштагы кызга үйлөнгөн эркектерди таптакыр түшүнбөйм. Кичинекей кыз ага кантип жакшы аял болуп бере алат?!

— Журналист болуу кыялыңыз кантип ишке ашты?

— Бишкектен университетке тапшырып, орус, англис тилдерин үйрөндүм. Шумдук сүйлөп калдым дебейм, бирок ушул да мен үчүн чоң жетишкендик. Үч жыл мурун телевидениеге келдим, эртеси эле эфирге чыгып кеткем. Албетте, көп кемчилик кетирдим, аларды оңдоп-түзөгөн насаатчылар болду. Ушу тапта Гонконгдо спорт журналистикасы боюнча окуп жатам.

— Башыңыздан өткөн окуяны көпчүлүккө жар салуудан кооптонбойсузбу? Kloop анын негизинде мультфильм да тартыптыр го…

— Алгач кооптондум. Ал окуя кандай таасир берерин билген эмесмин. Экинчи жагынан ушундай жагдайга туш болгон кыздарга сабак болсун дедим.

— Кийинки жашооңузду кандай элестетесиз?

— Саякаттап, көп жерлерди көргүм келет. Жаш курагым келди окшойт, үй-бүлө, бала-чака тууралуу кыялдана баштадым. Эң башкысы — мен азыр балдарыма татыктуу тарбия бере турган куракка жеттим.

Жаңылыктар түрмөгү
0