Ошто апрель айынын аягында эки күнгө таза суу өчүрүлөт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүОтключение горячего водоснабжения
Отключение горячего водоснабжения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ошсууканал" ишканасы калаа тургундарына таза сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ош шаарында апрель айынын аягында эки күнгө суу токтотулат. Бул тууралуу "Ошсууканал" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарда суу түтүктөрүн жай мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 25-апрелден 27-апрелге чейин өлкөнүн түштүк борборунда таза суу убактылуу берилбейт.

Мындан улам "Ошсууканал" ишканасы калаа тургундарына сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0