Акбаржон Жалиловдун архивдик сүрөтү

Акбаржон Жалилов жөнүндө эмне билебиз? Өмүр баяны

5747
(жаңыланган 16:07 04.05.2017)
Материалда Жалилов билим алган Оштогу орто мектептин кызматкерлери тарабынан берилген маалыматтар камтылган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун жашоосундагы айрым маалыматтарды ал окуган мектепте иштеген кызматкерлер Sputnik агенттигине айтып беришти.

  • 1995-жылдын 1-апрелинде төрөлгөн, Ош шаарындагы "Туран" кичирайонунда жашаган;
  • Сегизинчи класска чейин Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте билим алган;
  • 2010-жылы "Амир Тимур" кичирайонуна көчүп кеткен;
  • 2011-жылы Кыргызстандан Санкт-Петербургга (Россия) уста атасы менен кеткен;
  • 2011-жылы Россиянын жарандыгын алган;
  • Жогорку билими жок, бирок унааларды оңдоого жөндөмдүү болгон;
  • Бойдок.

"Анын үй-бүлө мүчөлөрү динге берилген эмес. Акбаржон өзү дагы беш маал намаз окуп, сакал койгон эмес. Тескерисинче, ал жыртык жынсы шымдарды кийгенди жакшы көрчү. Орус тилин мыкты өздөштүргөн", — деп анын мурдагы кошуналары билдирди.

© Видео / Зульфия Тургунова
Терактыга шектүү Акбаржондун мугалими: жакшы окубаса дагы тентек эмес болчу

Буга чейин "Амир Тимур" кичирайонунун кварталдык комитет башчысы Анваржон Дадабаев Жалиловдордун үй-бүлөсүн светтик деп сүрөттөгөн.

"Акбаржондун атасы Россиянын жараны болуп эсептелет. Менин билишимче баласы экөө тең Санкт-Петербургда. Ал теракт жасашы мүмкүн эмес. Себеби жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, жай мүнөздүү бала болчу. Анын апасы менен дагы бир нече ирет көрүшкөм, жакшы эле адам", — деди Дадабаев.

Ал эми Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин Sputnik Кыргызстан агенттигине шектүү жарандыкты кандайча алып калганын айтып берди. 

"2010-жылдын аягында Акбаржон менен анын атасы Россиянын жарандыгын алуу боюнча кайрылышкан. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин 2011-жылдын февраль айында биз ага паспорт бергенбиз. Бул "ата-эне" беренеси боюнча ишке ашкан. Тагыраагы, эгер жарандын апасы же атасы Россиянын жараны болсо анын баласына жарандык берилет", — деди Свистин.

Эске салсак, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастаган. Анын жакындары УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак беришкени дагы маалым болгон. Бүгүн эртең менен шектүүнүн апасы Петербургдагы Пулково аэропортуна конгонун Россия ЖМКлары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, терактынын айынан 14 киши каза таап, 49 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

5747
Белгилер:
теракт, Акбаржон Жалилов, Санкт-Петербург
Тема:
Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу (36)
Тема боюнча
Терактыга шектелген Жалиловдун апасы Санкт-Петербургга барды – аэропорттогу видео
Петербургдагы жардырууга шектүүнүн жашаган жери тинтүүгө алынды
УКМК: Петербургдагы жардырууну иликтөөгө жардамдашып жатабыз
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

32
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

32
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

44
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

44
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

0
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

0
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок