Соцкызматкерлер карыларга алгачкы медициналык жардам берүүнү үйрөнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность домов престарелых в Кыргызстане
Деятельность домов престарелых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тренингди медициналык илимдердин доктору, геронтолог, Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жалпы хирургия кафедрасынын доценти Светлана Горелик алып барат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 300 социалдык кызматкер карыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27-марттан 6- апрелге чейин Ысык-Көлдө өтүп жатат.

Иш-чаранын максаты өлкөдөгү жалгыз бой пенсионерлерге көрсөтүлгөн социалдык тейлөөнү жакшыртууга багытталган.

"Тренингдин катышуучулары инсульт, инфаркт учурунда тез жардамга чейин кандай көмөк көрсөтүү керектигин, ооруларды алдын алуу жана төшөктө жаткан бейтаптар үчүн кантип кам көрүү тууралуу терең маалымат алышат", — деп айтылат маалыматта.

Семинардын жыйынтыгында КР Эмгек жана социалдык министрлигинин сертификаты тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0