ИИМ Кыргызстанда балдардын жоголушу жөнүндө түшүндүрмө берди

Жазылуу
Жыл сайын өлкөдө 600дөй бала жоголот.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигине бир нече окурман кайрылып, акыркы учурларда балдар эмнеден улам көп жоголуп жатат деген суроо коюп, тынчсыздануусун билдиришти.

Непогода - Sputnik Кыргызстан
Бала жоголгон учурда эмне кылуу керек. Балдар менен ата-энелерге кеңеш
Акыркы жумада интернетке 11 жана 14 жаштагы эки эркек бала жоголгону айтылып, дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Асель аттуу кыздын сөөгү үч күндөн кийин Чоң Чүй каналынан табылганы маалымдалган. Редакцияга кайрылгандар жоголгон балдарды "орган үчүн" сатып жибериши мүмкүн деген кооптонууларын билдиришти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Азамат Абдрахмановго кайрылды.

Кооптонууга негиз жок

Инспекциясынын жетекчиси Абдрахманов балдарды "органга" сатып жиберүү боюнча бир дагы факты катталбаганын билдирди.

Анын айтымында, балдардын жоголуусу күч алган жок. Тескерисинче, балдарын жоготуп кайрылгандардын саны азайган. Жетекчи жыл сайын өлкө боюнча 600-700 бала жоголорун, ошол эле учурда алардын бардыгы табыларын кошумчалады.

"Мисалы Бишкекте жоголгон бала бир аз убакыттан кийин эле табылат. Кээде ошол эле күнү жоголгон окуучу Таласта жүргөн болот. Андыктан статистикалык маалымат өзгөрүп турат. 2001-жылы жоголуп ушу кезге чейин табылбай жаткан 36 бала бар", — деди Абдрахманов.

14 жашында жоголуп, 22ге чыкканда табылган

Милиционер балдар көбүнесе ата-энеси менен чатакташа кеткенден кийин жоголуп кетерин белгилейт. Мында өспүрүм досторунукуна, туугандарыныкында баш калкалап, "өз алдынча" болууну самайт. Мисал катары Абдрахманов кызыктуу окуяны айтып берди.

Балдарды Бишкектен уурдап кетүү оңойбу? – социалдык эксперимент
Чүйдүн Беловодское айылында 14 жаштагы бала энеси менен уруша кеткен. Чыр аялдын күйөөсү менен ажырашып, башка киши менен жашай баштаганынан чыккан. Нааразы болгон өспүрүм үйдөн чыгып кетип, селсаяктык турмушту башынан кечирип жүрө берген. Айтор, ошентип жүрүп, Ысык-Көл облусун баш пааналап калат. Ал жактан жергиликтүү балдар менен таанышып, алар менен тоого жалчы болуп кетип калган. 2016-жылы, дээрлик 8 жылдан кийин милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, чабан болуп жүргөн баладан документ сурайт. Тигинин паспорту жок болуп чыгат. РИИБ анын жеке маалыматтарын көтөрүп чыккандан кийин баланын сегиз жылдан бери издөөдө экени аныкталат. Ошол маалда жигит 22ге чыккан экен.

"Мындай окуялар абдан көп. Издөөдөгү 36 баланын көбү ушу тапта өспүрүмдүк курактан өткөн, бирок биз издөө иштерин уланта беребиз. Балдар ар убакта жоголуп келген, чуру-чуу түшүүнүн кажети жок. Бүгүн социалдык тармактар аркылуу маалымат чагылгандай тездик менен тарайт, эки күндүн ичинде катары менен жоголгон балдар коомчулукту дүрбөтүп койду окшойт. Бирок балдар акыркы убакта көп жоголо баштады деген пикир чындыктан алыс", — деп түшүндүрүп берди Абдырахманов.

Этият болгула!

Инспекция жетекчиси өз маегинде ата-энелерге бир катар кеп-кеңешин айтып өттү.

Биринчиси — баланын күндөлүгүнө үйдөн мектепке чейинки жолду чийип бергиле. Жол токойлуу жерден, суулардан, курулуш жүрүп жаткан жерден алыс болгону жакшы.

Дежурная часть в отделении милиции. - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө эки бала жоголду. Милиция элден жардам суроодо
Экинчиси — этият болуңуздар! Ата-эне баласынын жоголуп кеткени тууралуу арыз жазганда жада калса чүрпөсүнүн көзүнүн өңү кандай экенин, эмне кийип жүргөнүн, үйдөн качан чыгып кеткенин билбей алактап калат. Балаңыздын өзгөчө белгилерин биле жүрүшүңүз зарыл.

Үчүнчүсү — балдарды көңүл сыртында калтырбай, алар менен байма-бай сүйлөшүп туруңуз. Үй ичиндеги маанай, атмосферанын жагымдуу болушун камсыздоо керек.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Кыргызстанда жашы жете элек 686 бала жоголсо, анын 650сү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0