Министр: Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда гемодиализ борборун ачуу планы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЛечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке
Лечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 10-январында гемодиализ борборун түзүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иштешүү боюнча сынак жарыяланып, учурда эки компания тандалган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстан боюнча жыл сайын бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны көбөйүп, жылына 2 миңдей бейтап гемодиализ аппаратына муктаж болот. Саламаттык сактоо министрлиги болгону 850 оорулууну камсыздай ала турганын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттөгү жыйында кабарлады.

"Мындан улам 2017-жылдын 10-январында гемодиализ борборун түзүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) менен иштешүү боюнча сынак жарыялаганбыз. Ага эл аралык беш компания сынакка катышууга арыз берип, экөөнү тандап алдык. Жакында тендер өткөрүлөт. Негизги максат — бейтаптарды убагында сапаттуу тейлөө", — деп айтты министр.

МЖӨ боюнча алгачкы долбоор Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарында "Гемодиализ тейлөөлөрүн уюштуруу".

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Бүгүн өкмөттүн жыйыны өтүп, анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор талкууланган.

Буга чейин аймактардын ичинде Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылган

Бирдиктүү республикалык реестрде бөйрөк оорусу менен жабыркаган 1389 бейтап катталган. Анын ичинен гемодиализге муктаж болгондордун 27си менчик медициналык борборлордо акы төлөп дарыланышат. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунда 8 жасалма бөйрөк бөлүмү иштейт. Анда 82 диализ аппараты бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0