"Дордой" базарында жакырларга жардам берүүчү борбор ачылды

Жазылуу
"Дордой" базарынын административдик имаратынан социалдык кызматкер үчүн атайын бөлмө берилди. Ал жакта ар бейшемби күнү соцкызматкер мамлекет тарабынан кепилденген жардамдар тууралуу кеп-кеңеш берет.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Дордой" базарында коомдун аялуу катмарына жардам берүүчү борбор ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Аны ачууну Бишкек шаарынын Свердлов райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы демилгелеген. Ал жактан социалдык кызматкер элге ар бейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин мамлекет тарабынан кепилденген жардамдар тууралуу кеп-кеңеш берет.

"Калктын аялуу катмары көбүнчө өздөрүнүн социалдык кызмат алууга болгон укуктарын жакшы билишпейт. Андан сырткары кеп-кеңеш алууга каражаты жок", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан борборго учурда ондогон киши кайрылгандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0