Милиция: адамды өлтүрө сүзүп кеткен кылмышкерди тапканга селсаяк жардам берген

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела розыска УПМ Бишкека Ажыбек Майназаров
Начальник отдела розыска УПМ Бишкека Ажыбек Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажыбек Майназаров жол кырсыгын жасаган адамды топтошуп тургандардын арасынан жаземдебей таап чыгарын айтты. Анын кандайча болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева сурап, кепке тартты.

Заместитель Бишкекского отделения скорой помощи Болотбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кызматкери: "кызыңар үзүлүптүр" деп апасына айта албай койдум
Жол кырсыгы болгон жерге келдиңер дейли, жөө кишилер өтчү жолдо бирөө жатат. Айланада топтолуп бир топ киши жүрөт, кай бирөөлөрү карап турса, кээ бирөөсү окуяны телефонго тартуу менен алек. Ал эми сиз кишини койдуруп кетип, автоунаасын шаардын кайсы бир жерине жашырууга аракет кылган айдоочуну табышыңыз керек. Иш кыйын эле.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаровго мындай көрүнүш жат эмес.

— Эмне үчүн милиция формасын кийүүнү чечтиңиз эле?

— Жашыраак кезде Фрунзе шаарында грек-рим күрөшү боюнча белгилүү спортчу элем. Боюм 4 см. жетпей калгандыктан милицияга албай коюшкан, анда 170 сантиметрден кем болбошу керек деген талап бар эле. Спорттун чебери болгондуктан, мени МАИге алышты. Бул тынчы жок 90-жылдар эле. 13 жыл кесиптин тереңин билүүгө аракет кылып, жөнөкөй инспектор болуп иштедим.

"Крутой" номурлуу же адаттан башка түстөгү автоунааларды сүрөткө тарткандай эле эстеп калат элем. Ал эми бул жерде баланчадай окуя болуптур десе, ошол көргөн машина болсо, дароо таанычумун. 2000-жылдан бери жол кырсыгынын күнөөлүүлөрүн тапкан – издөө бөлүмүндө иштеп келем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров: 12 жыл мурда Батыш автобекетте болгон. Чымын-куюн болуп келе жаткан "Мерседести" андан да катуу ылдамдыкта келе жаткан "Ауди" озуп өтүп, жолдон аялынын көзүнчө күйөөсүн койдуруп кеткен. Ушунчалык катуу келип ургандыктан, киши экиге бөлүнүп кеткен. Аялы өң-алеттен кетип, купкуу. Эч нерсе дей албайт
Начальник отдела розыска УПМ ГУВД Бишкека Ажыбек Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров: 12 жыл мурда Батыш автобекетте болгон. Чымын-куюн болуп келе жаткан "Мерседести" андан да катуу ылдамдыкта келе жаткан "Ауди" озуп өтүп, жолдон аялынын көзүнчө күйөөсүн койдуруп кеткен. Ушунчалык катуу келип ургандыктан, киши экиге бөлүнүп кеткен. Аялы өң-алеттен кетип, купкуу. Эч нерсе дей албайт

— Мага кырсык болгон жерге билмексен болуп келип, байкап турган айдоочуну жаземдебей билип коёоруңузду айтышты…

Ыктыярчы Айгерим Тургунбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы: уулунун туулган күнүнө бараткан атасын жолдон мууздап кетишти
— Ооба. Кырсыкты жасагандар, адатта ошол жерге кайра келишет. Эмнеден экенин билбейм, менин ишимде андай учурлар көп кездешет. Автоунаасын жашырып, кийимдерин алмаштырып, билмексен болуп, такси менен келип калышат. Адатта кырсык болгондо эл топтолбой койбойт. Бирок, мен алардын арасынан баары бир жөндөн жөн келбеген бир кишини сезем. Шек жаратып туруп алат. Кетип баратканда да башкача, артына кылчактап улам-улам карап, анан кетет. Эгерде артынан акырын, байкатпай аңдып барсаң, катылган машинаны да таап алышың ажеп эмес.

— Эсиңизде өзгөчө сакталып калган учурлардан айтып бериңизчи…

— Макул. Окуя мындан 12 жыл мурда Батыш автобекетте болгон. Чымын-куюн болуп келе жаткан "Мерседести" андан да катуу ылдамдыкта келе жаткан "Ауди" озуп өтүп, жолдон аялынын көзүнчө күйөөсүн койдуруп кеткен. Ушунчалык катуу келип ургандыктан, киши экиге бөлүнүп кеткен. Аялы өң-алеттен кетип, купкуу. Эч нерсе дей албайт. Ал эми айдоочу из жашырыптыр.

Аялга кечирээк барып, сураштыра баштадым. Алардын өзүнүн үйү жок болгондуктан, мектеп-интернаттын кампасында жашачу экен. Аны менен кошо үйүнөн беш бала чыкты. Бир, эки эмес, бешөө! Жөжөдөй, биринен бири кичине. Тилекке каршы, аял эч нерсе эстей албай койду. Бассам-турсам оюмда ошолор. Аялдын купкуу жүзү менен балдар. Уйкудан калдым. Күн сайын кечинде баягы жерге келем десеңиз… Ары карайм, бери карайм. Айланага байкоо салам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАжыбек Майназаров: 2002-жыл болучу. Кезектеги жол кырсыгына келдим. Килейген жол тандабас "Жигулини" тебелеп, анысы аз келгенсип изин жашырып кетиптир
Начальник отдела розыска УПМ ГУВД Бишкека Ажыбек Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Ажыбек Майназаров: 2002-жыл болучу. Кезектеги жол кырсыгына келдим. Килейген жол тандабас "Жигулини" тебелеп, анысы аз келгенсип изин жашырып кетиптир

Бир ирет, селсаяк киши басып келип, эмне издеп жүргөнүмдү сурады. Автокырсык болуп, ошону иликтеп жүргөнүмдү айттым. "Менин жардамым тийиши мүмкүн", — деди ал мага сырдуу карап. Дароо түшүндүм. Бир стакан арак алып бердим. Жутуп жиберип, сөзүн улады.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Артур Эрназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
"Номурун билбейм, бирок, "Мерседес" жашыл түстө болучу. Артында чо-ооң "Байке" деген жазуусу бар экенин көрдүм", — деди. Албетте, алгач ишенген жокмун. Бирок, баары бир автонунааларга ар кыл жазууларды түшүргөн жарнама каталогунан издештирип көрөйүн дедим. Беш альбом экен. Төрт саат тикирейип карап отуруп, Баш байге деп жазылган жашыл "Мерседести" таптым! Ал ат чабышта байгеге коюлган унаа экен. Издөө иштери албетте, убакытты алды, себеби, бир нече ирет колдон колго сатылыптыр. Күнөөлүүлөрдү таап, үйүнө келдим. Мен кирерим менен эшикти ичинен ачкыч менен беките салышты. Ал жердеги эки эркек менден кутулууну ойлошту окшойт. Спорт, грек-рим күрөшү менен машыкканымды билип коюптурбу…

А негизи ишеним кагаз менен машина сатууну алып салгандан кийин, машинаны издөө кыйын болуп калды. Алар өздөрүнө каттатпай туруп эле, алып, кайра сатып жиберишет. Жыйынтыгында, машинанын номурун билип турсак да, таба албайбыз. Менин балдарым, самандан ийне издегендей эле издейт… машакаты күч…

— Жанды кашайткан учурлар да болот эмеспи…

— 2002-жыл болучу. Кезектеги жол кырсыгына келдим. Килейген жол тандабас "Жигулини" тебелеп, анысы аз келгенсип изин жашырып кетиптир. Кырсыкка өзү себепкер болуптур. Джип менен катар келе жатып, анын алдына өтө салыптыр. А бирок, алдына чыккан күндө да ичиндеги кишиси менен тебелетип кете бериш керекпи…

Ош базарынын жанынан кармалган милиционерди колго түшүрүү учуру - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанынан кармалган милиционерди колго түшүрүү учуру
Окуянын күбөсү да, тартып калган камера да жок. Мага анда да үй-жайы жок көчөдөгү бирөө, ал "Лэнд Крузер" автоунаасын экенин айтты, ал тургай астыңкы эки номерин да эстеп калыптыр. Жиптин учугу табылган соң андан ары иш кете берет. Күнү-түнү иштеп, издеп жатып жол тандабастын ээсин таптык. Ал дагы "жөн кишилерден" эмес болуп чыгып, анын ордуна күнөөнү мен кылдым деген бирөө менен сүйлөштүк. Биринчи сөзүнөн эле ал күнөөлү эмес экендигин сездим, ал кырсыктын кайсы жерде болгонун да билбейт экен… Ошентип отуруп, джиптин чыныгы ээси менен баары бир жолуктум. Дароо эле "Байке, жакшыраак башка бирөөнү таба алган жоксузбу?",— дедим. Акырында, сот баары бир анын күнөөсүн далилдеди.

Маекти толугу менен орус тилинде бул жерден окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0