Жылдыз Жумабекова: сабайбыз дегенине карабай Саруудагы митингге барып алгам

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо 24" маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова маек учурунда
Ала-Тоо 24 маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жолу Мэри деген кыз менен таанышып калдым эле. Ишенсеңер, ошол кызды такыр унутпайм. Тележылдыз болом деп катуу кыялданып алган. Өзүнүн жаза албасын билсе дагы, мыкты сүйлөйм деген ишеними күч болчу.

Менимче "Ала-Тоо 24" маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова аны эч качан жумушка алмак эмес. Анткени ал теледеги жумуш жөн гана тил менен буудай кууруу эмес, талыкпаган эмгек экенин жакшы билет.

Өзү карьерасын кадр сыртындагы тексттерди окуу менен баштаган теледеги жумуштун түйшүгү тууралуу Жылдыз Жумабекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева маектешти.

— Эл арасында эфирге чыгыш үчүн сөзсүз тааныш-билиштер болушу керек деген түшүнүк калыптанган…

Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, журналист Бакыт Орунбеков - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Орунбеков айылга кат жазды. Чийилген пластинка, эсти оодарган эки тыйын...
— Мен буга кошулбайм. Өзүңөр элестетип көрсөңөр, телеканалдын башкы директорунун баласынын таланты, шыгы болсо, эмнеге ал мыкты журналист боло албасын? Биз аны атасынын аркасы менен жүрөт деп айта беребиз.

Өзүм тууралуу айтсам, мен жумушка кирип жатканда КТРКнын жетекчилик кызматтарында алыскы туугандарым иштесе да жардам сураган эмесмин. Уялгам.

— Негизи эле карьераңызды кантип жасадыңыз?

— Алгач кадр сыртындагы тексттерди окуйм деп жумушка киргем. Андан соң диктор болдум. Кийин жетекчилик алмашып, диктор кыздардын ордуна жигиттерди алабыз деп чечишкен. Ал кезде мен кабарчы болуп иштеп жүрдүм. Менимче, жетекчи бардык этаптан өтүшү керек. Мен тележурналистикадан аттап кеткен тепкичим болгон жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Жумабекова: адам журналистиканы кесип катары тандап атканда, тобокелчиликтер көп экенин билет. Кандай болгон күндө дагы иштеш керек. Бирок жетекчи ар бир кызматкерге жооп берет, ошондуктан кабарчынын өмүрүн тобокелчиликке сала албайт
Директор новостного канала Ала-Тоо 24 Жылдыз Жумабекова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабекова: адам журналистиканы кесип катары тандап атканда, тобокелчиликтер көп экенин билет. Кандай болгон күндө дагы иштеш керек. Бирок жетекчи ар бир кызматкерге жооп берет, ошондуктан кабарчынын өмүрүн тобокелчиликке сала албайт

— Журналисттердин кайсы бир сюжети боюнча сиз менен пикири келишпей калса эмне болот?

— Мен муну жакшы көрүнүш деп эсептейм. Адамдын өз пикири, позициясы болгону жакшы. Журналист жумушка эч кызыгуусу жок эле келип-кетип тургандан көрөкчө, талашып-тартышып иш кылганы жакшы. Бир консенсуска келип алса болот.

— Кабарчы кайсы бир тема боюнча сюжет тартам деп келди дейли, сиз бул анын жашоосуна коркунуч алып келерин билесиз. Уруксат бересизби?

Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон
— Адам журналистиканы кесип катары тандап атканда, тобокелчиликтер көп экенин билет. Кандай болгон күндө дагы иштеш керек. Бирок жетекчи ар бир кызматкерге жооп берет, ошондуктан кабарчынын өмүрүн тобокелчиликке сала албайт. 2013-жылкы Саруудагы окуялар эсиңерде болсо керек. Митингчилер "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылышкан. Ошондо алар "КТРКнын бир кабарчысы жакындаса, таарынбасын" деп айтышкан. Редакциябыздын эркек балдары бошобой калып, мен барам деп чыккам. Телеканалдын логотиптери жок барсак дагы, жергиликтүү эл мени таанып койгон. Бирок мен ал жакка элдин пикирин чагылдырууга барганымды түшүндүрүп бергем. Мага эч кимдин колу тийген жок. Негизи эле бизде кыздарга тийишпейт.

— Төрт жыл мурунку окуячы? Эсиңиздеби, электр энергиясына акы төлөбөгөн үйдүн ээлери тууралуу сюжет тартуу маалында КТРКнын кабарчы кыздарына айрымдар кол көтөрүшпөдү беле?

— Ооба, анда аябай чуу жараткан окуя болгон. Бирок көбүнчө эркек балдарга, өзгөчө операторлорго кол салышат. Мындайда алар кымбат балуу камераларды сактап калууга аракет кылышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдыз Жумабекова: диплому бар адамды табуу оңой эле, ал эми чыныгы кесипкөйдү ит менен издеп калган учур. Азыр кадрдык жетишсиздик бир эле Кыргызстанда эмес, Казакстан, Россияда дагы байкалууда
Директор новостного канала Ала-Тоо 24 Жылдыз Жумабекова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабекова: диплому бар адамды табуу оңой эле, ал эми чыныгы кесипкөйдү ит менен издеп калган учур. Азыр кадрдык жетишсиздик бир эле Кыргызстанда эмес, Казакстан, Россияда дагы байкалууда

— Сынды кандай кабыл аласыз?

— Негиздүү сынды жакшы көрөм. Биздин көрүүчүлөр өздөрүнө жакпаган нерселерди айтууга укуктуу.

Экинчи жагынан биз ар бир адамдын каалоо-тилегин ишке ашыра албайбыз. Мисалы, көпчүлүк расмий кабарларды арбын бергенибизге нааразы болушат. Бирок биз жалаң эле жеңил-желпи нерсе менен чектеле албайбыз да. Эл президенттин эмне иш кылып жатканын, өкмөттүн иш пландарын билиши керек. Кыскасы көрүүчүлөрдүн тилин табуу оңой эмес.

— Жаңы журналисттерди табуу жеңилби? Бизде журналисттерди даярдаган ЖОЖдор көп эмеспи?

ЖК депутаты Айсулуу Мамашова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова: бизде жаш, анан сулуу кыздарды экинчи аял кылып алышат
— Диплому бар адамды табуу оңой эле, ал эми чыныгы кесипкөйдү ит менен издеп калган учур. Азыр кадрдык жетишсиздик бир эле Кыргызстанда эмес, Казакстан, Россияда дагы байкалууда.

Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан, журналисттер алаканга салгандай көрүнүп турат. Азыр журналисттерди талашып жаткан мезгилибиз, биздикилерди тартып кетишет, биз тартып алабыз дегендей. Тилекке каршы, учурда негизги стимул акча болуп калды.

— Беш жылдан кийинки кыргыз телесин кандай элестетесиз?

— Менимче, телеканалдарда өнүгүүгө жетише турган акча каражаты болуп, жаңы технологиялар жагынан тартыштык жоюлат.

Айлык акы тууралуу айтып, маанайды түшүрбөй эле коеюн. Негизинен журналистикада өз кесибин чындап сүйгөндөр гана жүрөт. Алар үчүн акча экинчи планга өтүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0