Бишкектин түштүк тарабында ремонттон улам свет жок болууда

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүЭлектр подстанциясы. Архив
Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган район түшкө чейин электр энергиясы менен толук камсыз болот.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында электр жарыгы жок экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандардын бири кабарлады.

"Ахунбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, автотыгын жаралды. Учурда бул райондо свет жок", — деди окурман.

"Түндүкэлектр" ишканасынан "Восточная" подстанциясында оңдоо иштери жүрүп жатканын айтышты. Ал Медеров, Ахунбаев, Байтик баатыр жана Юнусалиев көчөлөрүнүн аймагын тейлейт.

"Шаар тургундарына тоскоол болбош үчүн ремонт иштери түндө башталган. Азыр райондун ар кайсы жерине кезек-кезек менен жарык бериле баштады. Биздин эсептөөбүз боюнча аталган район түшкө чейин электр энергиясы менен толук камсыз болот", — деп айтылат билидүүдө.

Суроолор менен +996 706 566-544 номуру менен WhatsApp же Telegram аркылуу кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0