Нарын суусуна чөгүп кетти деп изделген киши Канттан аман-эсен табылды

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү кызматтарга Нарын шаарынын 47 жаштагы тургунунун жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Нарын суусуна түшүп, чөгүп кетти деп изделген киши аман-эсен Чүйдөн табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кызматтарга Нарын шаарынын 47 жаштагы тургунунун жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, анын сууга чөгүп кеткени божомолдонгон.

Издөө иштери башталган соң "агып кеткен" кишинин туугандары кайра байланышып, изделип жаткан адамдын аман-эсен Кант шаарынан табылганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0