Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, айылды толугу менен таштандыдан тазалап чыгышты

Тору-Айгырдын жаштары айылды тазалап, бир КамАЗ таштанды чогултушту

175
(жаңыланган 10:49 11.04.2017)
Айылдын жигердүү жаштары эми айыл ичиндеги жолдорду түздөөнү пландап жатат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, айылды толугу менен таштандыдан тазалап чыкканын "Тору-Айгыр жаштары" коомдук бирикмесинин жетекчиси Чыңгыз Казиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, айылды толугу менен таштандыдан тазалап чыгышты
    Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, айылды толугу менен таштандыдан тазалап чыгышты
    © Фото / Кайрат Абдиев
  • Жаштар уюму эми айылдын жолдорун түздөтүүнү пландап жатышат.
    Жаштар уюму эми айылдын жолдорун түздөтүүнү пландап жатышат.
    © Фото / Кайрат Абдиев
1 / 2
© Фото / Кайрат Абдиев
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, айылды толугу менен таштандыдан тазалап чыгышты

"Тазалык өз колубузда" деген демилге менен жаштар айылдын аймагындагы таштандыларды чогулттук. Бизге мектеп окуучулары дагы кошулду. Ал эми улуу агаларыбыз техника жагынан жардам берип, иштеп жаткан балдарга суусундуктарына чейин алып берип жатышты. Эки жума мурда айыл элине өз аймагыңардагы таштандыларды чыгарып койгула деп кулактандыруу илгенбиз. Ошентип кыштагыбыздан бир КамАЗ толтура таштанды чыкты", — деди Казиев.

Анын айтымында, жаштар уюму эми айылдын жолдорун түздөтүүнү пландап жатышат.

175
Белгилер:
демилге, жаштар, ишембилик, ашар, Ысык-Көл
Тема боюнча
Элет тургуну Эсенбаев: келиндердин суранычы менен айылда арак сатуу токтоду
Бишкектеги ишембиликте 72 КамАЗ таштанды чогулду
Борбор калаада жалпы шаардык ишембилик өттү
Кыргызстан футбол курамасы. Архивдик сүрөт

Дүйнө чемпионатына жолдомо: КР футболчуларынын оюнга чыкчу күндөрү айтылды

4
Мурдагы график боюнча Кыргызстан командасынын тандап алуу турлары марттан июнь айына чейин өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан футбол союзу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндардын боюнча болжолдуу датасын жарыялады.

Улуттук курама команда өткөн жылы Тажикстан, Мьянма, Монголия, Япония өлкөлөрүнүн футболчулары менен төрт жолу беттешкен. Ал эми экинчи айлампада 2019-жылы ноябрь айында Тажикстан менен ойногон. Калган таймаштар март-июнь айларына белгиленген болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдештер жылган.

Мындан улам оюндарды күздө өткөрүү пландалууда.

  • Мьянма — Кыргызстан (конокто) — 13-октябрь;
  • Кыргызстан — Монголия (өз үйүндө) — 12-ноябрь;
  • Япония — Кыргызстан (конокто) — 17-ноябрь.

Учурда F тайпасында Кыргызстан экинчи орунда турат.

4
Белгилер:
график, дүйнө чемпионаты, дүйнө, оюн, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Франциялык футболчу дүйнө чемпионатында алган алтын медалын сатып жиберди
Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды
Facebook соцтармагы. Архивдик сүрөт

Facebook расизмге каршы аракет көрө баштады

7
Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын жазды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өзү негиздеген социалдык тармак расалык теңчилик боюнча жаңы саясат баштаарын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Биз расалык теңчиликке үгүттөө  боюнча жаңы кадамдарды таштай баштадык. Албетте, АКШдагы жана дүйнөдөгү улутчулдукту жана теңсиздикти жеңүү кыйын, бирок биз бул нерсеге кичинекей болсо дагы салым кошушубуз керек", — деди Цукерберг.

Анын айтымында, теңсиздик, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүү боюнча билдирүүлөргө карата жаңы талаптар жана жоопкерчилик иштелип чыгат.

"Компаниянын азыркы саясаты деле зордук-зомбулукка жол бербейт. Кайсы бир тарапка карата зомбулук тууралуу пост болсо, аны жок кылып салуу туура деп ойлойбуз. Дагы талкуулар болуп жатат", — деди компания негиздөөчүсү.

Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын кабарлады.

Эске салсак, Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

7
Белгилер:
Марк Цукерберг, Facebook, АКШ
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд. доллар айыпка жыкты. Себеби