Алия Шагиева уулун эмизип бараткан сүрөтүн жарыялап, сезимдерин жазды

© Фото / Владислав ПоповПрезидент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин кызы мындан 22 күн мурда көз жарып, уулдуу болгон.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева баласын эмизип, автоунаада бара жаткан сүрөтүн коюп, ошол учурдагы сезимдерин жазды. 

Жаш эне баласын бооруна кысып, эмизип бара жаткандагы сезимдерин сүрөттөп, тамгага түшүрүп калып жатканын кыстара кетиптир.

"Денеңди белгисиз сезимдер бийлеп, терметип алгандай. Дабышы жок, бирде сезилип, бирде сезилбейт. Кызыктай бир абал. Сен аны карай бересиң, карай бересиң… "Бул өзү эмне?", — деген саптарды жазган.

Ошол кездеги ирмемдерди сүрөттөп,бөбөктүн ар бир абалын, кыймылын, ал тургай энесинин сүтүн акырын жутуп жатканын эбедейи элжиреп сүрөттөгөн.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кызы Алия Шагиева тууралуу 6 факты
"Акыры-ын жутуп жатат. Башыңды аярлай кармап, боорума кысам. Чачтарыңды, кирпиктериңди тиктейм. Сен кадимкидей эле барсың. Ал — сенсиң. Ушинтип бир нече ирет ичимден кайталап, бир нече ирет өзүмчө күбүрөйм, бирок баары бир бул бакытты түшүнүп-түшүнбөйм", — деп жазган Алия.

Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарып, ымыркайга Таир ысымын ыйгарган. Атамбаевдин кызы былтыр Константин Рязанов аттуу жигитке турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0