Бизди дегеле жакшы деген адам жок... Маршрутка айдоочулары менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элди эшигинен түшүп калгыча жыйып алып, жолдо буйтап жол талашып шуулдаган маршрутка айдоочуларына айрым учурда жиниң келет. Бирок алардын жумушу жеңил эмес экенин эстен чыгарбоо керек. Анткени таң аткандан түнгө чейин калктын калың катмарына тынбай кызмат кылып, жол тыгынга карабай шаарды он айланып, миңдеген адамдарды ташыйт.

Бишкекте жол эрежелерин эң көп бузуучулар - маршруттук такси айдоочулары
Sputnik Кыргызстан агенттиги машакаттуу кесип ээлери — маршруттук такси айдоочуларынын жумушуна кызыгып көрүп, алардын айрымдары жана диспетчер менен кыскача маек куруп келди.

Кесиптештердин кээси жаңы конуштарга барган маршруткаларда кызыктуу окуялар көп катталат дегенинен улам "Ак-Ордо" жаңы конушуна каттаган 222-маршрутканын эң акыркы болуп токтогон жайына барып түшүп калдым.

"Диспетчер бул жакта. Кир, кирегой" деп айдоочулар мени темир контейнерге алып барышты. Көрсө, ал айдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы экен. Бирден-экиден келип курсактарын тойгузуп, кайра кетип жатышты. Саналуусу гана жаштар болбосо, көпчүлүгү жашы өтүп калган байкелер экен. Бир чыныдан чай ичкен соң диспетчер алардын жумушу тууралуу айтып берди. 

© Sputnik / Усенбаева Таалайгуль№ 222-маршруттук каттамда учурда 60тан ашык унаа бар
Водители маршрутного такси 222 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№ 222-маршруттук каттамда учурда 60тан ашык унаа бар

— Жумуш убактыңар канчада башталат?

— Мен бул жерге таңкы саат 5:30да келем. Ал эми айдоочулар 6:00дө ушул жерде болуп калышы керек. Ар бирин жөнөтөөрдө унааларынын тазалыгын бир сыйра карап, анан убакытка жараша кетире берем.

— Маршруткалар канча убакытта бирден чыгат?

— Ар бир унаанын ортосунагы аралык 3-5 мүнөт. Бирок ортодон жүргүнчү салып, тыгында калып, ортолорундагы аралык кээде узарып кетет. Анткен менен коюлган убакыт негизинен сакталат.

— Жакында эле мен 500 сом айдоочуга берип, акчамды албай түшүп кетип калыпмын. "Кайра бербейт болуш керек" деп барган эмесмин. Мындай учурлар көп эле кездешсе керек?

— Ооба, мындай окуялар көп эле болот. Базардан келе жаткандардын баштыктары калып калат же окуучу балдар куртка, сумкаларын калтырып коюшат. Алардын баарын биз минтип чогултуп коюп коебуз. (Шкафта окуучу балдардын куртка, баштыктарын көрсөттү) 

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульДиспетчер: Ар бир каттамдын аралыгы 3-5 мүнөт, эрежени эч ким бузбайт
Водители маршрутного такси 222 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Диспетчер: Ар бир каттамдын аралыгы 3-5 мүнөт, эрежени эч ким бузбайт

— Демек, жүргүнчүлөр бир нерсесин унутуп калса, анда дароо ошол маршрутканын диспетчерине кайрылышы керек экен да?

Маршруттук таксини аялдамада күтүп турган шаардыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршруткага 54 миң долларын унутуп кеткен жүргүнчү. Айдоочунун баяны
— Ооба. Бардык маршруткалардын акыркы токтогон чегинде диспетчер болот. Эгер буюм-тайымдарды унутуп же сизге окшоп акчанын калганын албай калган учурларда убакытты өткөрбөй диспетчерге кайрылуу керек.

"Ой, бизде күндө кызыктуу окуя катталат" деген айдоочулардын "сөзгө чечени" маегибизге кошулуп кетти.

— Маршрутка айдап иштегениме 10 жылдан ашып калды. Башыбыздан ар түрдүү окуялар өттү. Баарына чыдап, жумушубуз жаккан үчүн иштеп жүрөбүз. Бир күнү бир аял документтерин унутуп чыгып кетиптир. Көрсө, ал бухгалтер экен. "Керектүү документтер бар болчу" деп ыйлап, ызылдап-тызылдап келди. Унаада калып калган оокаттарды биз диспетчерге берип коебуз да. Сумкасы жок болчу. "Милиция чакырам, таап бергиле" дегенинен ары айтсак да, бери айтсак да болбой койду. Ошентип ызылдаган боюнча кеткен. Бир күнү келиптир, "сумкамды жанымда отурган аял ала түшүптүр" деп кечирим сурап кеткен. Айрымдары жок нерсесин доолап абийирди аштай кетирген учурлар да катталат.

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульАйдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы бар
Айдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы бар - Sputnik Кыргызстан
1/3
Айдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы бар
© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульҮч маал тамакты тең ушул жерден жешет
Үч маал тамакты тең ушул жерден жешет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Үч маал тамакты тең ушул жерден жешет
© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульЫсык тамактарынын баасы 100 сомдон өйдө
Ысык тамактарынын баасы 100 сомдон өйдө - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ысык тамактарынын баасы 100 сомдон өйдө
1/3
Айдоочулардын ара-чолодо кире калып тамак ичкен ашканасы бар
2/3
Үч маал тамакты тең ушул жерден жешет
3/3
Ысык тамактарынын баасы 100 сомдон өйдө

— Чөнтөк уурулары маршрутка айдоочулар менен иштешет деп айтып жүрүшөт…

Кош бойлуулардан жол кире алынбайт — өз мыйзамын киргизген айдоочу Сариев
— Ооба, ал жагынан да биз "күнөөлүүбүз". Айтор, эмне болсо эле ошого бизди кыпчый беришет. Бир нерсе айтып кетет элем, биз уурунун бирөөнүн сумкасын тинтип уурдап түшүп кеткенин байкагыдай артыбызда көзүбүз бар беле? Жүргүнчү алаңдабай өзүнө сак болушу керек. Айрыкча мындай окуяларга жаш кыздар кабылат, алар ошол балдарга алаксыйт же наушникти кулактарына эч нерсе угулбай калгычакты тыгып алат да эч нерсе сезбей кете берет. Анан бир убакта ыйлап жатып калышат. Көпчүлүк болгон жерде адам өзүнө сак болушу керек. Анан бизди да өзүнчө кылмышкер кылып койгондор дагы бар. Айтор, баарына биз күнөөлүү болуп калабыз.

— Негизи ууруларды сиздер байкап калган учурлар болобу?

— Андайларды байкасак биз деле салбай коймокпуз да. Алардын чекесине ууру деп жазылып турмак беле. Болгону топтошуп түшкөн жаш балдардан абайлаш керек. Алар бирөөнүн сумкасынын ачылып калганын же телефонун алууга оңой турганын байкап калса эле илип кетет. Ошондуктан ар бир жүргүнчү өзүнө сак болушу керек деп ойлойм. 

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульДиспетчер таңдан кечке чейин өз ордунда
Водители маршрутного такси 222 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Диспетчер таңдан кечке чейин өз ордунда
— Акыркы учурда жол эрежесин бузган маршрут айдоочулар көп. "Жылышып алгыла" деп коюп эле сала бересиңер, сала бересиңер… Бир нерсе болуп кетет деп коркпойсуздарбы?

Бишкектен өлкөнүн жети облусуна каттаган таксилердин баасы - Sputnik Кыргызстан
Айда, такси, айда… Аймактарга каттаган такси-автобустардын баасы кандай?
— Кудай сактасын. Толтура салып кеткен учур кечке жуук же эртең менен катталат. Эртең менен баары жумушка шашат, мейли тыгылсам да кете берейин деп болбой түшөт. Аларды кантип таштап саласың. Ал эми кечинде баары үйгө шашат, бул учурда деле биз тескеринче "үйүнө ала кетели калтырып салбай" деген жакшы ой менен эле алып кетебиз. Арабызда көп жылдан бери унаа айдаган тажрыйбасы мол айдоочулар көп, баары тең элди аман-эсен үйүнө жеткирейин деп эле ойлойт.

— Жолуңар ар дайым шыдыр болсун! Жол эрежесин бузбагылачы…

Жаңылыктар түрмөгү
0