Ош: үч айдан бери айлык албаган Тез жардамдын айдоочулары иш таштады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык автоунаа мекемесинин башкы бухгалтери Кундуз Колдошева маянаны бул жакка кой, күйүүчү май жана унаа тетиктерин да карызга алып жатышканын айтат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк регионун тейлеген облустар аралык Тез жардам кызматынын айдоочулары январь айынан бери маяна берилбей жатканына нааразы болуп, 10-апрелде иш ташташты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Санитардык автоунаа мекемесинин айдоочусу Мамат Коңкошев билдирди.

Ушул жерде 15 жылдан бери иштеген кызматкердин айтымында, буга чейин мындан көрүнүш болгон эмес.

"Айлыгыбызды үзгүлтүксүз эле алчубуз. Айына 5-6 миң сом чыгат, аны да минтип үч айдан бери ала албай жатабыз. Мындан башка сый акы же социалдык пакеттер деле каралган эмес. Мындан улам кечээ баарыбыз унааларды гаражга алып барып токтотуп койгонбуз. Бирок чалуулар тынбай келе берип, бейкүнөө бейтаптарды таштап коюуга чыдабай, айла жок кайра түштөн кийин жумушка чыгууга туура келди", — деди айдоочу.

Ал эми Санитардык автоунаа мекемесинин башкы бухгалтери Кундуз Колдошева маянаны бул жакка кой, күйүүчү май жана унаа тетиктерин да карызга алып жатышканын айтат.

Митинг учителей села Семиз-Бел - Sputnik Кыргызстан
Митинг: Кочкордо мугалимдер иш таштады
"Мекеме жетекчиси Байыш Маматов учурда ушул маселе боюнча Бишкекте жүрөт. Саламаттык сактоо миинистрлигинин жаңы чыккан токтому менен үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта мекеме өзүн-өзү каржылоого өткөн. Ага ылайык биз тейлеген ооруканалар каражат бөлүп бериши керек. Бирок бул иштер толук аткарылбай калган. Мунун кесепетинен учурда күйүүчү, майлоочу май алган компанияга 371 миң, унаа тетиктери үчүн 57 миң сом карыз болуп отурабыз. Бизде жалпы 43 кызматкер иштесе, анын 31и айдоочу. Кечээ айдоочулар иш таштаганда директор маселени жакын арада чечип берүүнү убадалап, жумушка кайтып туруусун суранган", — деди башкы бухгалтер.

Саламаттык сактоо министлигинин каржы саясат башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакулов эми аталган мекемеге Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан каражат бөлүнө турганын билдирди. Учурда сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калганын айтып, мекеме кызматкерлери ушул жума ичи маяна алып каларын кошумчады.

Белгилей кетсек, Ош санитардык автоунаа мекемеси облустар аралык клиникалык оорукана жана балдар клиникалык ооруканасы, ошондой эле облустар аралык онкология жана кургак учук менен күрөшүү борборунда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча кызмат көрөсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0