Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар жолу менен ондоп алып жатат

Баткен: чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар менен оңдоп жатат

101
(жаңыланган 16:32 11.04.2017)
Өткөн кылымдын 50-жылдары кол менен жөнөкөй жерге арык болуп түшкөн каналдын суусу жолдо эле жерге сиңип кетип, алыскы айылдар сууга муктаж болуп келген.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар жолу менен ондоп алып жатат. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

  • Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар жолу менен ондоп алып жатат
    Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар жолу менен ондоп алып жатат
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Суу пайдаланучулар ассоциациясынын башчысы Амирбек Каразаковдун айтымында, Баткен районунун Самаркандек, Актатыр жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндөгү эгин талааларга Ак-Суу дарыясынан чыккан суу Тажикстан аймагы аркылуу салынган узундугу 19 чакырымдык канал аркылуу барат
    Суу пайдаланучулар ассоциациясынын башчысы Амирбек Каразаковдун айтымында, Баткен районунун Самаркандек, Актатыр жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндөгү эгин талааларга Ак-Суу дарыясынан чыккан суу Тажикстан аймагы аркылуу салынган узундугу 19 чакырымдык канал аркылуу барат
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Канал өткөн кылымдын 50-жылдары кол менен жөнөкөй жерге арык болуп түшкөн
    Канал өткөн кылымдын 50-жылдары кол менен жөнөкөй жерге арык болуп түшкөн
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Мындан улам суу жерге сиңип кетип, азайып отуруп алыскы айылдарга жетпей калган учурлар да болгон. Эми каналга цемент төшөлүп, суу эгин аянттарга жоготуусуз бара тургандай болуп оңдолууда.
    Мындан улам суу жерге сиңип кетип, азайып отуруп алыскы айылдарга жетпей калган учурлар да болгон. Эми каналга цемент төшөлүп, суу эгин аянттарга жоготуусуз бара тургандай болуп оңдолууда.
    © Фото / Улан Маккамбаев
1 / 4
© Фото / Улан Маккамбаев
Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарда сугат каналдарды эл ашар жолу менен ондоп алып жатат

Суу пайдаланучулар ассоциациясынын башчысы Амирбек Каразаковдун айтымында, Баткен районунун Самаркандек, Актатыр жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндөгү эгин талааларга Ак-Суу дарыясынан чыккан суу Тажикстан аймагы аркылуу салынган узундугу 19 чакырымдык канал аркылуу барат.

"Канал өткөн кылымдын 50-жылдары кол менен жөнөкөй жерге арык болуп түшкөн. Мындан улам суу жерге сиңип кетип, азайып отуруп алыскы айылдарга жетпей калган учурлар да болгон. Эми каналга цемент төшөлүп, суу эгин аянттарга жоготуусуз бара тургандай болуп оңдолууда", — деди Каразаков.

Мындан сырткары учурда Баткен району боюнча 300 чакырымдан ашуун ички каналдарды оңдоо иштери аяктап сугат мезгилине даярдыктар көрүлүүдө.

Жергиликтүү Самаркандек айылынын тургуну Эргеш Насиров жаздын кеч келип жатканы өзүнүн терс таасирин тийгизип, жазгы талаа жумуштарын кечеңдетип жатканын айтты.

101
Белгилер:
ашар, Суу, канал, Ак-Сай, Баткен облусу
Тема боюнча
Ат-Башы: Терек-Суунун жаштары суу каптоонун алдын алышууда
Тору-Айгырдын жаштары айылды тазалап, бир КамАЗ таштанды чогултушту
. Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям  жубайы Кейт Миддлтон менен. Архивдик сүрөт

Тыңчы, волонтёр... Ханзаада Уильямдын жашыруун иштеген кызматтары

2
Ханзаада Уильям былтыркы жылдын апрель айында Улуу Британиянын атайын кызматтарында үч жума иштеп, тажрыйба топтогон. Анда Улуу Британияга террордук уюмдар тарабынан келтирилген коркунучтар жөнүндө кеңири маалымат алган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям кризистик кырдаалга кабылган адамдарга жардам берген Shout 85258 ишеним кызматында жашыруун иштеген. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Ханзаада өзүнөн башка 2 миңге чукул волонтёрлор сыяктуу эле бул жумушка кирүү үчүн атайын даярдыктан өткөн. Shout 85258 ишеним кызматында негизинен этникалык азчылык өкүлдөрүнө жардам берилери айтылат.

Мындан тышкары ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон коронавирус күч алган учурда Саламаттык сактоо улуттук кызматынын волонтёрлук программаларына катышканы белгилүү болду. Ал үй изоляциясында жатып, кыйынчылыкка туш болгон адамдарга телефон аркылуу кеңеш берген.

Ошондой эле ханзаада былтыркы жылдын апрель айында Улуу Британиянын атайын кызматтарында үч жума эмгектенип, тажрыйба топтогон. Анда Улуу Британияга террордук уюмдар тарабынан келтирилген коркунучтар жөнүндө кеңири маалымат алган. Кийин Өкмөттүк байланыш борборунун тыңшоо жана маалымат чогултуу бөлүмүндө иштеген.

2
Белгилер:
кызмат, ханзаада, Улуу Британия
Тема боюнча
Гарри падышалык укуктарынан ажыраган соң фамилиясын өзгөртөт
Кыргызстан футбол курамасы. Архивдик сүрөт

Дүйнө чемпионатына жолдомо: КР футболчуларынын оюнга чыкчу күндөрү айтылды

22
Мурдагы график боюнча Кыргызстан командасынын тандап алуу турлары марттан июнь айына чейин өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан футбол союзу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндардын боюнча болжолдуу датасын жарыялады.

Улуттук курама команда өткөн жылы Тажикстан, Мьянма, Монголия, Япония өлкөлөрүнүн футболчулары менен төрт жолу беттешкен. Ал эми экинчи айлампада 2019-жылы ноябрь айында Тажикстан менен ойногон. Калган таймаштар март-июнь айларына белгиленген болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдештер жылган.

Мындан улам оюндарды күздө өткөрүү пландалууда.

  • Мьянма — Кыргызстан (конокто) — 13-октябрь;
  • Кыргызстан — Монголия (өз үйүндө) — 12-ноябрь;
  • Япония — Кыргызстан (конокто) — 17-ноябрь.

Учурда F тайпасында Кыргызстан экинчи орунда турат.

22
Белгилер:
график, дүйнө чемпионаты, дүйнө, оюн, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Франциялык футболчу дүйнө чемпионатында алган алтын медалын сатып жиберди
Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды